Ташиев: Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтөт

Ош облусундагы Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өткөрүлүп, мурда ээлеп алган «байлардын» жерлери кайтарылат. Атайын кызматтын төрагасы бул тууралуу 27-январда базардын ишкерлери менен болгон жолугушууда айтты.

Ташиевдин айтымында, мамлекеттин менчигине кайтарылган жерлерге атайын элге керектүү чоң соода борборлору салынат. Ошондой эле ал, базардын аймагынан кызыл китеби бар жер ээлерине соода борборлорунан атайын орундар менчик катары бөлүнүп берилерин убадалады. 

«Мунун баарын мамлекет жасайт, мамлекеттин колунан келет. Азыр мамлекет күчүнө, бутуна туруп калды. Эч кандай байлар, криминалдар бизди коркута албайт, сатып ала албайт. Мурдагыдай сатылып кете турган адам жок. Мурдагыдай сатыла турган аким, мамлекеттик каттоо кызматы болбойт. Сатылып көрүшсүн, эмне кылып коёрубузду билесиңер», — деди атайын кызматтын башчысы. 

Аны менен катар Ташиев соода борборлорунун курулушу жазда башталарын, алгачкы курулуштар күзгө чейин даяр болорун билдирди. Анын айтымында, курулуштар эки жылдай убакытта толугу менен бүтөт.

26-январда УКМКдан Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын аймагында жайгашкан «Жээнбеков» базарынын директору кызмат абалынан пайдаланууга шектелип кармалганын билдиришкен. Шектүү жеке ишкерлерден мыйзамсыз түрдө акча алып жүргөнү айтылууда.

Кара-Суу базарын мамлекетке алуу

«Азаттык» басылмасынын маалыматына ылайык, буга чейин соттун эки инстанциясы Кара-Суу базарын мамлекетке алуу боюнча Мамлекеттик мүлк агенттигинин өтүнүчүн канааттандырган. Учурда сотто алып-сатуу келишимдерин жокко чыгаруу боюнча арыз каралып жатат. Ал эми базар ээлери муну «рейдерлик басып алуу» деп атап келишет.

2023-жылы 6-декабрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү» деп билдирген.

Кийин өлкөдөгү бир катар базар ээлери ижара акыларын төмөндөткөнүн айтып чыгышкан.

ТЕМА БОЮНЧА: 

УКМК: «Туратали» базарынын аймагында жайгашкан кичи базардын жетекчиси кармалды

УКМК: «Баткен-Комфорт» базарынын акциялары мамлекеттин менчигине өттү

Кара-Суу: Мыйзамсыз жер сатып, мамлекетке 15 млн сомдон ашуун зыян келтирген кызматкерлер кармалды