Өзгөн: Борбордук базарда жеке менчикке өтүп кеткен жалпы 87 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Өзгөн борбордук базары

Ош облусунун Өзгөн районундагы борбордук базарда жеке менчикке өтүп кеткен 87 млн сомдук 10 миң 882 чарчы метр жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу 23-октябрда Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган жерлер мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткен. Өзгөн райондук сотунун чечиминин негизинде жерлер толугу менен шаардык мэриянын балансына өттү. 

«2017-жылы Өзгөн базарындагы негизги өтмөктө эң чоң өрт болгон. 226 соода контейнери зыянга учураган. Азыр айтылып жаткан жеке менчикке өткөн жерде мыйзамсыз соода түйүндөр орнотулгандыктан өрт өчүрүү унаасы кире албай калган. Бүгүнкү күндө базарды иретке келтирип жатабыз», — деп билдирди мэриянын Архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурсултан Ташмамытов.

Өзгөн райондук прокуратурасынын маалыматына караганда, муниципалдык менчикке өткөн жерлерди көз карандысыз эксперттер 87 млн сомго баалаган.

Буга чейин борбордук базардагы жерлерге мыйзамсыз ээлик кылган жаран айрым тилкелерди үчүнчү жактарга оозеки түрдө сатып жибергени белгилүү болду. Бүгүнкү күндө соттон утулган тарап аппеляциялык даттануу келтирген жок.

17-октябрда УКМК Бишкекте мыйзамсыз берилген жана ижарачылар тарабынан жерди пайдалануу шарттары сакталбаган жалпы аянты 6644 чарчы метр болгон 100дөн ашык батир жана турак эмес жайлар мамлекетке кайтарылып, 594 млн сом зыяндын орду толтурулганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК жүздөн ашык батир жана объекттер мамлекетке кайтарылганын билдирди