Бишкекте алдамчылыкка шектелип 21 жаштагы курьер кармалды

Шектүү. Сүрөт: ИИМ.

Бишкекте телефон аркылуу жарандардан ири өлчөмдө акча алууга шектелип 21 жаштагы курьер кармалды. Бул тууралуу 5-мартта ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, февраль айынын аягында Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда, ага белгисиз жаран телефон аркылуу кызы кырсыкка кабылганын айтып алдап, 12 миң доллар жана 250 миң сом алганын билдирген.

Аталган факт боюнча «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы курьер кармалды. Териштирүүнүн натыйжасында анын мындан башка дагы беш телефон алдамчылыгына тиешеси бар экени аныкталды.

«Алсак, шектүү Бишкек шаарынын 4-кичирайонундагы жабырлануучулардан 250 миң сом алып кеткен. Андан соң, Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган тургундан 29 миң доллар, “Чыгыш-5” кичирайонунун жашоочусунан 265 миң сом жана 300 доллар, “Жал”  кичирайонунун бир тургунунан 9 миң доллар, ал эми экинчи тургунунан 250 миң сом, 900 доллар, 1 миң 500 евро алып кеткен. Жогорудагы курьер бул жабырлануучулардын үйүнө келип, акча каражаттарын алып турган», — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан телефон аркылуу жарандарды алдоого жардам берген башка курьерлердин да такталып жатканын кошумчалашты. Мекеме курьер кызматында иштегендер кылмыштын оордугуна көңүл бурбай жатышканын, алар телефон алдамчылыгына аралашкан учурда кылмыштын шериги катары жоопкерчиликке тартыларын эскертишти.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда коррупция жана алдамчылык боюнча иштердин эскирүү мөөнөтү алынып салынды