«Коркпойбуз». Президент жеке кызыкчылыгы үчүн митингге чыккандарга жооп катуу болорун эскертти

Президент Садыр Жапаров.

14-мартта президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, митингдерден коркпой турганын билдирди. Ал «жеке кызыкчылыгы үчүн митингге чыккандардан качып же жашынып олтуруп алчу мен эмесмин» деп баса белгиледи. 

Өлкө башчысы «мурдакыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен деп митингке чыккандарга жооп катуу болорун» эскертти.

«Эгер мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам корксом болот эле. Тескерисинче командам менен күнү-түнү кара жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз. Кекиртегинен сазга баткан мамлекетти эми араң саздан сууруп чыктык. Бажы, салык системасындагы уурулукту жоюп, бюджетти дээрлик 3 эсеге жакын көтөрдүк. Болбосо азыркыдай өнүгүүнү бул жакка коёлу, 2020-жылы эле чет жактардан кредит алып, эмгек акы менен пенсия, пособияларды жаап калган акыбалга келип калбадык беле. Сырткы карыздан кантип кутулабыз деген курч көйгөйдү эле талкуулап калбадык беле. Же эс тутумубуз ушунча кыскабы?» — деп суроо салды ал.

Жапаров «митингдери Матраимов каржылап жатканы» тууралуу маалыматы жок экенин айтып, кезинде мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев катуу эскертүү бергенин билдирди. Бирок Көлбаев элди тоногонду токтотпой койгонун белгиледи.

«Матраимовго "мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалга аралашпа, алар менен дос болбо" деп айткам. Тилекке каршы, байланышын үзбөптүр да. Атайын кызмат криминал менен байланышкан иштерин таап чыкты. Мурда “өз эрки менен эки миллиард төлөгөндөн кийин” канча мүлкү бар экенин казган эмес. Бул жолу башкаларга каттап койгон мүлкүнүн баарын таап чыкты. Мамлекеттин пайдасына өткөрүп жатышат», — деди президент.

Матраимов жана Көлбаев

Райымбек Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажынын төрагасынын экс-орун басары да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыяндын калыбына келтирүү үчүн 2 млрд сом төлөгөн.

Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда УКМК тарабынан кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызматтан кримтөбөл күч түзүмдөрүнө куралдуу каршылык көрсөткөнү үчүн «жок кылынганын» айтышкан. Көп өтпөй президент Көлбаевдин өлтүрүлгөнүн «интернеттен билгенин» айткан.

Кийин Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 225 мамлекеттик кызматкер аныкталып, көпчүлүгү иштен алынган. Азыркы тапта Матраимов менен байланышы бар депутаттар мандаттан ажыратылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Тыюу салуу, камоолор. Быйыл бийлик митингдерди кантип басты?