Тыюу салуу, камоолор. Быйыл бийлик митингдерди кантип басты?

Бишкектин борборунда тынч чогулуштарды өткөрүүгө салынган тыюу бир жарым жылдан бери күчүндө — 2022-жылдын мартынан тартып. Ал 31-декабрда аякташы керек болчу, бирок сот бул чектөөнү буга чейин бир нечен ирет узарткан, жаңырган жылы да ушундай эле болушу ыктымал.  

Бийлик тынч митингдерге тыюуларды Орусия элчилигинин алдында Украинадагы согушка каршы бир нече акция өткөндөн кийин киргизе баштаган. Алгач митингдерге тыюу элчиликтин алдында, Ала-Тоо аянтында жана президенттин администрациясынын, Жогорку сот, парламент жана УКМКнын имараттарынын алдында тыюу салынган. Көп өтпөй чектөөнүн географиясы Эркиндик бульварынын түштүк жарымына, Панфилов паркына жана Турсунбаева скверине чейин жеткен.   

Калаанын борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюуну улам-улам узарта берген Бишкектин Биринчи май райондук соту тынч чогулуштар үчүн «уруксат берилген» жер деп Максим Горький атындагы скверди белгилеген.

Мындан тышкары, узап бараткан 2023-жыл митингдерге тыюулар борбор калаанын чегинен чыгып, өлкөнүн аймактарында да жайылтыла баштаганы менен эсте калды. 

29-сентябрда жергиликтүү милициянын өтүнүчү менен Ош облусунун Өзгөн районунда тынч митигдерди өткөрүүгө 8-ноябрга чейин тыюу салынганы белгилүү болгон. 

Ага чейин 26-сентябрда «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айыпталып жаткан депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары бийликке кайрылуу жасап, саясатчынын бошотууну талап кылыш үчүн Өзгөн районунун Куршаб айылындагы «Чынар» паркына чогулушкан. Бирок милиция коомдук жайларда митиг өткөрүүгө тыюу салынган деп чогулгандарды тарткатып салган. Бирок алар чогулганга чейин мындай чектөөлөр бар экени тууралуу маалымдалган эмес болчу. 

Октябрдын башында Ош облусунун Чоң-Алай жана Ноокат райондорунун коомдук жайларында митинг жана тынчтык акцияларын өткөрүүгө убактылуу тыюу салынганы белгилүү болгон. Ал дагы жергиликтүү милициянын кайрылуусу менен болгон. Ош ОИИБи чектөө «коопсуздукту сактоо максатында» киргизилгенин белгилеген.

Сот чечимдерине ылайык, Ноокат районунда митингдерге тыюу 7-сентябрдан 7-ноябрга чейин, ал эми Чоң-Алайда — 18-сентябрдан 18-ноябрга чейин киргизилген.

Каршыларды камоо

2023-жылы күч түзүмдөрү митингге чыгуу үчүн эле эмес, тынч чогулуш өткөрүү аракеттери үчүн да кармап, камакка ала баштады. Алар активистердин соцтармактардагы билдирүүлөрүн көз албай карап турушат — кармалгандардын айрымдарына массалык башаламандыкка чакыруу айыптары алардын жөн гана митинг өткөрүү демилгелери үчүн гана тагылган.  

Кемпир-Абад боюнча кармоолор 

2023-жылдын январында Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын жакындары менен тарапташтары митингге чыгышкан. Анда милиция тынч чогулуштун 30га чукул катышуучусун кармаган. 

Митингтен кийин активист Өндүрүш Токтонасыровго жана кармалган Талас облусунун экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурмануловдун жубайы Толгонай Солтоновага «Ички иштер кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренеси менен айып тагылган. Кийин сот Солтонованын ишин кыскартып, ал эми Токтонасыров айыпка жыгылган

Суу тартыштыгына нааразыларды камоо 

Июлда Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылынын тургундары таза суунун жоктугунан улам митингге чыгышкан. Чогулгандар жай мезгилинен бери суу жоктугун айтып нааразы болуп, Түштүк магистралды тосушкан, алар суу бермейин таркап кетишпесин билдиришкен.

Бир күндөн кийин милиция блогер Эртай Искаковду жана эки тургунду кармашкан. Аларга «мыйзамсыз жол тосуу уюштуруу» жана «бейбаштык» беренелери боюнча айып тагылган.

Алар сентябрдын аягында араң үй камагына чыгарылган. Ал эми ноябрда Чүй облусунун Сокулук райондук соту аларга карата өкүмүн чыгарган — Эртай Искаковго 50 миң сом айыппул салынган, ал эми блогер кошо кармалган айыл тургундары Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жөнүндөгү өкүм чыккан.  

Олжобай Шакирдин кармалышы

Августтун аягында күч органдары жазуучу Олжобай Шакирди массалык башаламандыкка чакырык таштоо, бийликти күч менен басып алуу жана ИИМ кызматкерлеринин талаптарына баш ийбөөгө айыптап кармаган.

Кармалганга чейин публицист фейсбук барагында пост жазып, Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта митинг өткөрө турганын билдирген. 

Адвокаттар Шакирдин камакка алынганы мыйзамсыз экенин далилдегенге аракет кылышкан, бирок шаардык сот тергөө тарапты колдоп койгондуктан, публицист бүгүнкү күнгө чейин тергөө абагында калууда.

Мадумаровдун тарапташтарын камоо 

23-сентябрда ЖМК Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулун ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын алдынан куралчан белгисиз бирөөлөр алып кеткенин кабарлашкан.

Көп өтпөй сот аны камакка алуу чечимин чыгарганы белгилүү болгон. Анын адвокаты Шамшидин уулуна 8-сентябрда эле «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» жөнүндөгү 327-берене менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Бирок 13-сентябрдан кийин, ал Бишкек шаардык сотунун алдында Мадумаровду колдоо митингине катышып кеткенден кийин ага тагылган берене «Массалык баш аламандыктар» беренесине квалификацияланган.

Тууну коргоо үчүн кармоо 

Жарандык активист Афтандил Жоробеков бийликтин тууну өзгөртүү демилгесине каршы чыгып, 3-декабрда «Туудан колуңду тарт» деген автожүрүш өткөрүүнү пландап жаткан болчу. Бирок 2-декабрь күнү Жоробеков алгач Октябрь РИИБде, андан соң УКМКда сурак берип чыккан

Андан кийин активист митингди 9-декабрь күнү М.Горький атындагы паркта өткөрүүнү пландаган. Ал жерде тынч чогулуштарга тыюу салынбаганына карабстан Жоробеков кармалып, Олжобай Шакирге тагылган айыптай эле «массалык башаламандыкка чакырык таштоо» айыбы коюлган. Азыр активист ТИЗО-1де камакта. 

2023-жылы Жоробеков тууга байланышпаган иштер боюнча да суракка чакырылган. Март айында активист Октябрь РИИБде күбө катары сурак берген. Ал учурда активист маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндөгү документке кол коюп бергендиктен, кайсыл иш боюнча чакырылганын айткан эмес. Бирок ага чейин бир күн мурда активист бул анын соцтармактагы билдирүүлөрү менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин болжогон. 

ККМге каршы митиндеги кармоо 

Ноябрь жана декабрь айларынын аралыгында Кыргызстан боюнча бир нече базардын соодагерлери митингге чыгып, 2024-жылдан тарта милдеттүү түрдө колдонууга киргизилиши керек болгон ККМди жокко чыгарууну талап кылышкан. 

«Дордой» базарынын соодагерлеринин митингинен кийин милиция бир адамды кармап кеткен. ЖМК ал киши минкабдын башчысынын кеңешчисин согуп салгандыктан ага «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгонун билдирген

Базар ишкерлеринин митингдери жыйынтыгын берген — «Дордой» базарынын сатуучулары менен президент Садыр Жапаров жолугуп, анын натыйжасында «Дордойдо» жана «Кара-Суу» базарларында иштеген соодагерлер ККМ милдеттүү колдонуудан бошотулган. Алар 2024-жылдын 1-июлуна чейин мурдагыдай патент аркылуу иштей алышат.  

Бирок андан көп узабай эле УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев митинг уюштургандарды аныктоону тапшырган. Анын үстүнө Садыр Жапаров өзү да «күч органдарын [катуу чара көрүүдөн] тыйып жатканын», «кырдаалдан пайдаланып, мамлекеттик төңкөрүш кылууну көздөгөн күчтөр бар» экенин билдирип, эгер нааразычылыктар токтобосо базарларга тышкы башкаруу киргизерин айтып коркуткан.

Эмне үчүн митингдерге тыюу салынбашы керек?

Укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова дайыма тынчтык чогулуштарга тыюу салынбашы керектигин айтып, сындап келет. Ал бийлик Конституцияны жана өлкөнүн жарандардын тынчтык чогулуштарга болгон укугун сактоо боюнча алган милдеттенмелерин бузуп жатат деп эсептейт

«Конституцияны окусаңар, анда “Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргызстандын жогорку баалуулуктарына кирет, алар бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт” деп турат. Качанкыга чейин укуктук башаламандык кыласыңар?» — деген ал Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюунун кезектеги жолу узартылып жатканына карата пикирин айтып.   

Митинг өткөрүүгө тыюуларды акыйкатчы болуп турган кезинде Атыр Абдрахматова дагы Конституцияга каршы келет деп айткан.  Ал Конституциянын 39-беренеси ар бир жаранга тынч чогулуштарга чыгууга эркиндик берерин эске салган.  

Ошондой эле Абдрахматова мындай чечимдер өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун алдында дискредитациялай турганын белгилеген. Ал Кыргызстан 1994 жылы «Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө» Эл аралык пактыга кошулуп жатып, эл аралык коомчулуктун алдында эркин тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө кепилдик алганын жана аны аткарууга тийиш экенин билдирген

2005, 2010 жана 2020-жылдары бийлик алмашуулары тынч чогулуштарда пикирди эркин айтууга тыюу салуудан башталганын эске салат Гүлшайыр Абдирасулова. 

Тынч митингине чыгууну пландаган Олжобай Шакир кармалгандан кийин укук коргоочу билдирүү жасап, көп жылдык тажрыйбасында тынч митингин уюштуруу аракети үчүн адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылган окуяга биринчи жолу кабылып жатканын айткан.  

Ал өлкөдө тынч митингдери дайыма эле өтүп келгенин, ал эми «бийлик келгенине жыл айланбай жатып эле дайыма кысым көрсөткөнгө аракет жасап турганын» кошумчалаган.

«Бирок, ошондо деле, кылмыш жоопкерчилиги эмес, административдик гана чаралар болчу. [Камчыбек] Ташиевди колдоп Жалал-Абадда жол тосуп, боз үйлөрдү тиккен учурлар жана учурдагы президент [Садыр] Жапаровдун туугандары тынчтык чогулуштарына чыгышкан, бирок эч ким аларды тынчтык митинг уюштуруу аракети үчүн кылмыш жоопкерчилигине тарткан эмес да», — деген укук коргоочу.