Жактоочу: Сокулукта окуучу кызды тогуз эмес, он киши зордуктаган

Жабырлануучунун жактоочусу Айсулуу Ибраимова «Азаттык» басылмасына билдиришинче, тергөө иштери акыйкатчыга кайрылгандан кийин башталып, жаңы тергөөчү дайындалды.

«Эч кандай тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн эмес. Кечээтен баштап кайрадан сурак башталып, алардын экөө менен бетме-бет ставка өттү. Алар 48 саатка камакка алынды. Кыз атаган ысымдар боюнча, тогуз киши болгон. Кечээ тактоодон кийин дагы бирөө кошулду», — деди Ибраимова.

20-мартта акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Сокулукта 13 жаштагы кызды дээрлик бир жыл бою тогуз эркек системалуу түрдө зордуктаганын билдирген. Анын айтымында, милиция кызматкерлери шектүүлөрдү жоопко тартуу үчүн эч нерсе кылышкан эмес. Бул учурда, жабыр тарткан кыздын үй-бүлөсүнө коркутуулар болгон.

Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин аракетсиздиги тууралуу маалыматты четке кагууда. Укук коргоочулар окуучу кыздын көрсөтмөсү менен жигиттерди тапканын айтышты. Ошондой эле алар менен бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, иликтөөнүн жыйынтыгы менен кылмышкерлердин аракеттерине юридикалык баа берилерин кошумчалашкан.

Акыйкатчы институтунун маалыматы ылайык, учурда жабырлануучунун психологиялык абалы оор болгондуктан ооруканада дарыланууда.