Укук коргоочулар Орусиядагы кол салуудан кийин мигранттарга басым күчөгөнүн айтышууда

Москвадагы кол салуудан кийин борбор азиялык мигранттарды текшерүү күчөдү. Бул тууралуу 24-мартта орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик «Азаттыка» билдирди

«Акыркы бир жарым суткада 1018 кайрылуу келип түштү. Анын көбүндө мигранттар текшерүүлөр, мыйзамсыз камоолорго туш болгонун айтып жатышат. Полиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынгандар, өлкөдөн чыгарылгандар да көп», — деди Чупик.

Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан барган мигранттарды тыкыр текшерүү күч алганын жергиликтүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова да айтып чыкты. Ал кыргыз диоспорасындагыларга таянып Москвада борбор азиялык мигранттардын арасында дүрбөлөң күчөгөнүн белгиледи. 

Орусиянын аэропортунда кармалып турган мигранттар

Буга чейин Борбор Азиядан барган мигранттар Орусиянын «Шереметьев» аэропортунда эч себепсиз кармалып жатканы тууралуу маалымат тараган. 

Алардын бири, кыргызстандык мигрант «Азаттыка» эмнеге кармап турушканын эч ким түшүндүрбөгөнүн, ал жердегилердин баарынын документтери жайында экенин билдирген.

Анын айтымында, мигранттардын манжа издери алынып, аларды кандайдыр бир документке кол коюуга мажбурлашкан. Ошондой эле телефондорун бир нече саат текшеришкен.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттар буга чейин Орусиянын миграциялык мыйзамын бузганы үчүн кармалып жатканын билдирди. Элчиликтин маалыматына ылайык, алар жакынкы рейс менен кайра Кыргызстанга кайтарылат.

Москванын четиндеги теракт

22-мартта Москванын четиндеги «Крокус Сити Холл» концерттик залында «Пикник» тобунун концерти башталарда белгисиз куралчан топ тургундарга ок чыгарган. Кийин ал жерде өрт чыкканы да кабарланган. 

Орусиянын Тергөө комитетинин акыркы маалыматына ылайык, кандуу окуяда каза болгондордун саны 137ден ашкан, дагы 182 адам ар кандай жаракат алган

Теракт жасоого шектелип төрт киши: Далержон Мирзоев, Рачабализода Саидакрами Муродали, Мухаммадсобир Зокирчонович Файзов жана Шамсидин Фаридуни атуу кишилер кармалган. Москванын Басман райондук соту аларды 22-майга чейин тергөө абагына киргизди.

Тергөө комитети бул иш боюнча жалпы 11 адам кармалганын билдирди. Эртең алар дагы камакка алынышы мүмкүн, бирок мекеменин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктай элек.