Жалал-Абад: Милиция соцтармакта тараган видео боюнча билдирүү таратты

Соцтармактарда ички иштер органдарынын кызматкерлери тургунду кармоодо  күч колдонгон видео тараган. Жалал-Абад ОИИБи аталган тургун Кочкор-Ата шаарындагы базарда күзөт кызматкерине кол көтөрүүгө шектелип кармалганын маалымдады. 

Маалыматка ылайык, 4-мартта милицияга күзөт кызматкери арыз менен кайрылып, ошол эле күнү эрте менен 09:30 чамасында Кочкор-Ата шаарындагы базарда кызматын аткарып турган учурда аны 6 киши таш, кыш, таяктарды курал катары колдонуп, зомбулук көрсөткөндүгүн айтып, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факт Ноокен РИИБде катталып, «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 40 жаштагы Ноокен районунун тургуну бир нече жолу тергөөгө чакыртылып, бирок келбей жүргөн. 

«27-март күнү саат 17:00 чамасында шектүүнү кармоо учурунда ал милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиктен, кара күч колдонулган. Ошол учурда шектүүнүн 18 жаштагы баласы окуяга аралашып, милиция кызматкерин тээп жиберген», — деп билдиришти милициядан.

40 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат. 

«Кочкор-Ата шаарындагы базар эки бир туугандын талашы болгон. Алардын  бири жеке күзөт кызматы менен келишим түзгөн. Анын негизинде күзөт кызматкери базарды кайтарып, базардын экинчи ээси келгенге чейин ачтырбай туруш керек болгон. Ошол учурда контейнер ээлери ызы-чуу кылышкан», — деп кошумчалашты милициядан.   

Буга чейин аталган окуя тартылган видео соцтармактарда тарап, талкууга алынган.