Жалал-Абад: Төрт жашар кызды зордуктоого шектелген тургун кармалды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы төрт жашар кызды зордуктады делген 35 жаштагы шектүү кармалганын кабарлады.

Шаардык милицияга окуя тууралуу 24-июнда арыз түшкөн. Арыз ээси көп кабаттуу үйлөрдүн биринде белгисиз киши кичинекей кызды зордуктаганын жазган. Жерине ыкчам-иликтөө тобу барып, далилдерди чогулткан.

Бул боюнча «Зордуктоо» беренеси менен иш козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Шектүү кармалып, соттун өкүмү менен эки айга камакка алынды. Учурда тергөө уланууда.