2025-жылы 10-декабрда судья Бакыт Касымалиев төрагалык кылган Чүй облустук соту кыргызстандык Эмил Бекиевге соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн берилген айыптоочу өкүмдү күчүндө калтырды. Бекиев жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо (278-берененин 3-бөлүмү), бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо (327- берененин 3-бөлүмү) боюнча күнөөлүү деп табылган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал №27 түзөтүү абагында ушул эле беренелер боюнча жаза өтөп жүрүп, кайрадан жогорудагыдай жосундарга барган. 2023-жылы июнда Бекиев массалык башаламандыктар жана кастыкты козутуу боюнча алты жылга эркинен ажыратылган.

Ошентип эки өкүм жана Эмил Бекиевдин бүтө элек жаза мөөнөтү бириктирилип, жалпы 7 жылга кесилген.

Бекиев кандай кылмышка барган?

УКМК тараткан релизге ылайык, Бекиев фейсбукка «Алып Качар Салып Качар» деген ат менен фейк аккаунт аркылуу кирип, 2025-жылы январдан мартка чейинки аралыкта, бийликтин дарегине сын пикир жана комментарий жазып турган. Соттун чечиминде, Бекиев мындай жол менен колониянын тартибин бузганы баса белгиленген, ага ылайык, абакта жаткандарга уюлдук телефон колдонууга тыюу салынган. Бекиевдин мыйзамсыз аракетинин далили катары тергөө сотко диск жана Redmi 12 телефонун алып келген.

Мындан тышкары, өкүмдө Бекиев соцтармактар аркылуу «өлкөдөгү коомдук-саясий абалга терс таасирин тийгизүүгө» аракет кылганы айтылат.

«Тактап айтканда, ал учурдагы мамлекеттик бийликти каралоо жана дискредитациялоо, кырдаалды атайлап жана негизсиз түрдө бир жактуу көрсөтүү аркылуу, элдин арасында нааразычылык маанайын козутуу, ошондой эле массалык башаламандыктарга чакыруу максатында, интернетте “Фейсбук” аркылуу медиаконтенттерди жарыялоо жолу менен мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөн», — деп жазылат соттун өкүмүндө.

Аккаунту аркылуу Бекиевди УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын 5-бөлүмү таап чыккан. Мекеме фейсбуктагы аккаунтка байланган телефон номерди аныктап, андан соң колдонуучу абактагы жаран экенин аныктаган. Бекиев телефон колдонуп келгенин мойнуна алган.

Өкүмдө айтылбаганы менен, УКМнын пресс-релизинде Бекиев иликтөөчү-журналист Болот Темиров менен сүйлөшкөн деп маалымдалат.

«Эмил Бекиев ЖАКнын 27-түзөтүү колониясында жаза өтүп жатып, блогер, “Temirov Live” долбоорунун жетекчиси менен байланышта болуп, ага ЖАК мекемелериндеги абал тууралуу маалымат берип, андан тапшырмаларды алып турган», — деп жазылат УКМК тараткан маалыматта.

Журналист Темиров болсо, эмне себептен күч органдары пресс-релизде Бекиевдин ишине анын аты-жөнүн кошуп кетишкенин түшүнбөй жатканын айтты.

«Бул сөздөр пресс-релизге эмне максатта кошулганын таптакыр түшүнгөн жокмун. Жакында: “Болот Темиров менен бир планетада жашаган деп жаза башташабы [...] Биздин укук коргоо органдарынын негизги милдети, болгон кычыкка Болот Темировду кыпчый кетүү болуп калгансыйт. Сандыракка жеткени калды. Мен эч кимге тапшырма бербейм. Мен журналистмин жана журналист бойдон кала берем», — дейт ал.

Бекиев кайсы посттору үчүн соттолду?

Соттун өкүмүндө лингвисттер башаламандыкка жана бийликти алмаштырууга чакырыктын белгилерин таап чыккан Бекиевдин 34 пост/комментарийи тизмектелген.

Мисалы, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин бийлиги тез эле кулайт деген божомолун жана алардын жакын чөйрөсү менен тууган-уругу дагы жоопкерчиликке тартыларын билдирген:

«Жапаров качат, бапештер менен декештер, депутаттар жугундулар камалат!»
«Сабырды (Жапаров), Дөөлөттү (Жапаров), Шайырды (Ташиев), Таймурасты (Ташиев), Рустамды (Жапаров), Дайырды (Орунбеков), Каныбекти (Туманбаев) качырбай кармап калалы! Жооп берчү күн келди!»

«Жапаровдун, Ташиевдин туугандары, эскертүү! Эртең бийлик алмашса, активист, журналист, блогерге, саясатчыларга жалдырай баштайсыңар! Азыр алар камакта! Орун алмашуу болот! Саясаттын кубулушу ушундай! Эртең силер камаласыңар! Ойлонуп, жакшы даярдана бергиле!»

Бекиев бийликтин чек ара маселесиндеги чечимдерин сынга алган.

«Баткендеги окуядагы тажик агрессиясынан шейит кеткен баатырлардын арбагы эки досту урсун! Жерди саткандарга — өлүм!»
«Садыр Жапаров — Тажикстандын баатыры!»
«ӨКМде министр болуп турганда миллиондогон доллар уурдаган. Кийин Ак үйдүн кашаасын аттап шымын жыртып, бийликти басып алам деди. Жер саткан чыккынчы!»

УКМКнын ыйгарым укуктары күчөтүлгөнүн айтып чыккан.

«Эки досту кетирбесек, катының менен кошулганда УКМКдан уруксат сурап каласың! Кайда биздин азаматтар? Камалгандан коркпогула».
«ИИМ берген соттуулугу жок деген кагаз жарабайт! УКМК берген кагаз жарайт экен! ИИМди жоюп салбайлыбы?»

Активист, журналист, блогерлерди кармаган бийликке сын айткан.

«Канышай Мамыркулова, Зарина Төрөкулова, Махабат Тажибек кызы, Каныкей Аранованы камап койсо унчукпай отурдуңар. Барбы эркек коргогону?»
«Орозо айында жөн эле отуруп турсаңар болот болчу. Канышай эжекени камап эмне пайда таптыңар? Апрель революция болот!»
«Активисттер, блогерлер, журналистер түрмөдө мыйзамсыз отурат! Эртең чыкканда мамлекет компенсация төлөшү керек. Садыр кетет».

Мамлекеттин карыз өсүп жатканын жазган.

«Эки дос бийликте түркүк эмес, жакында кетишет! Жерсиз, суусуз, калдык, 9 млр $ карыз мойнубузда. Ошону ойлонгон эр азаматтар барбы?»

«2020 жыл КР 4.5 млрд $ карызы болчу, эми 2025-жылы 9 млрд $ карызбыз. Төрт жыл ичинде 4.5 млрд карыз альптыр Садыке»

«Соттук-лингвистикалык жана политологиялык экспертизасынын корутундусуна ылайык, изилдөөгө берилген материалдарда бийликти кетирүүгө, революция аркылуу бийликти күч менен басып алууга чакырыктын лингвистикалык белгилери камтылган», — дал ушундай лингвисттердин корутундусу соттун өкүмүндө белгиленген.

Эмил Бекиев деген ким жана ал кандайча абакка түшүп калды?

Кыргызстандын бийлиги активист Эмил Бекиевди Орусиядан 2022-жылы экстрадициялаган. Буга анын фейсбуктагы публикациялары себеп болгон.

«Кыргызстанга барып, жооп берем. Мен акмын. Себеби, сөз үчүн 30 жылда болбогон нерселер болуп жатат. Сөз сүйлөп, сын айткан жаш активисттерди камакка алып жатканын көрүп жатабыз. Мени деле ошол нерсе күтүп турушу мүмкүн. Эртең учуп барарым менен мени дагы түрмөгө алып кириши ыктымал. Ага эч ким кепилдик бере албайт. Анткени мага быйыл февралда эле кылмыш иши козголгон. Ошондон бери мени бул жактан эки ирет алып кетүүгө аракет жасашкан. Бирок эмнегедир ошол маалда мага Орусиянын жараны болгонум жардам берген», — деп билдирген экстрадициянын алдында Бекиев.

Бекиев саясатчы Адахан Мадумаровдун тарапташы катары дагы белгилүү. Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү экени да айтылып келген. Белгилүү болгондой, ал Орусияда кыргыз дипмиссиянын алдында жалгыз пикетке чыгып, Кыргызстандын президентин шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирген.

Андан тышкары, Бекиевдин YouTube-каналы бар болчу, анда бийликти сындап келген. Бекиев күнөөсүн мойнуна алган эмес жана 2022-жылы сот аны алты жылга эркинен ажыраткан.