11 журналисттин иши: Сот аппеляцияны караган жок, төрт кабарчы камакта калды

Бишкек шаардык сотунда 4-июлда Temirov Live’дын азыркы жана мурдагы 11 журналисттинин иши боюнча кезектеги отурум өттү.

«Азаттык» үналгысы судья Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, журналистттер Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекееванын бөгөт чарасын кароо боюнча адвокаттын арызын карабаганын билдирди.

Шаардык соттун басма сөз кызматынан «Клоопко» аппеляциялык арыз боюнча өндүрүш КР КЖК 288-беренесинин 4 бөлүгүндө көрсөтүлгөн «Алдын ала угуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган башка чечимдер даттанууга жатпайт» деген пунктунун негизинде токтотулган деп жооп беришти.

«Биринчи инстанциянын токтому даттанууга жатпайт», — деп билдиришти соттон.

Temirov Live’дын азыркы жана мурдагы 11 журналисти 16-январда кармалган. Тогузуна «башаламандыкка чакыруу» боюнча айып тагылган, ал эми долбоордун башчысы Махабат Тажибек кызы менен журналист Актилек Капаров ошол чакырыкты «уюштурууга» айыпталган. Кийин сот кармалгандардын кээ бирин эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарган. Азыр төрт кабарчы ТИЗО-1де кармалып жатат.