Москвада кармалган кыргызстандык аялдын иши: Баласы туугандарына өткөрүп берилди

Иллюстративдик сүрөт.

Москвада кыргызстандык аял жердештерин батирине чогуу жашатып алганы үчүн «Мыйзамсыз миграция уюштурууга» айыпталып кармалган. Анын балдар үйүнө алынган 1,5 жаштагы баласы аялдын бир тууган эжесине өткөрүп берилди.

Бул тууралуу «Азаттык» айыпталуучунун жактоочусу Эрлан Токтосуновго таянып жазды.

Маалыматка ылайык, өткөрүп берүүгө Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана Мовквадагы Башкы консулдук көмөктөшкөн.

Буга чейин Москвада күч кызматкерлери кыргызстандык аялды «Мыйзамсыз миграция уюштуруу» беренесинин негизинде кармап, анын баласын балдар үйүнө алып койгону маалым болгон.

24-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу чет өлкөлөрдө жалпы 586 миңден ашык кыргызстандык жүргөнүн, алардын 411 миң 226сы Орусияда экенин билдирген.