Ташиев Чыныбай Турсунбековдун кызынын кармалышы боюнча үн катты

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «7-каналга» курган кезектеги маегинде парламенттин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун кыздарына карата ачылган кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча кылмыш ишине комментарий берди. Буга чейин Айдай Турсунбекова ТИЗОдо экени, дагы бир кызы Бегимай үй камагында экени белгилүү болгон.

Журналист Ташиевден бул иш жеке менчикке кол салуу болуп калбайбы деп сурады.

«Мен так кесе айтып коёюн, биздин тушубузда эч кандай жеке менчикке кол салуу деген болбойт. Анын баары мурунку замандарда калган, азыр андайга жол берилбейт», — деп жооп берди Ташиев.
Анын айтымында, 2010-жылы «Акылинвестбанк» рейдерлик жол менен Максим Бакиевден Турсунбековдорго өтүп, «Капитал банк» деп өзгөртүлгөн. Мындан тышкары, Ташиев Чыныбековдор илгерки Бишкек арак заводунун 1,5 гектарга жакын жерин жана Ысык-Көлдөгү 18 га жерди мыйзамсыз менчиктештирип алышканын билдирди.

«Мен буларды менчигиме же жеке чөнтөгүмө алып аткан жокмун. Мамлекетке кайтартып атам. Мисалы, ошол эле арак заводунун 1,5 гектар жерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу элдерге үйлөрдү салып беребиз. Банкты болсо сатып, андан түшкөн акчаны ошол эле МИКке үйлөрдү салганга жумшайбыз», — деди ал.

Ошондой эле Ташиев алар Чыныбай Турсунбековдун кыздарынан акча алышкан делген маалымат чындыкка коошпогонун билдирди. Анын айтымында, ишкерлерди өздөрүнүн эле юристи Ташиев ишти 5 млн долларга жаап берет деп айтып алдап кеткен. УКМКнын башчысы юрист жана анын күйөөсү кармалды.

«Чыныбай Турсунбековдун кыздары мына ушундай мыйзамсыз иштер менен алектенишип жүрүшөт. Андан калган мыйзамдуу бир да мүлкүнө тийбейбиз, мисалы ун комбинаты, кафелери, үй мүлкү ж.б. Ал эми мыйзамсыз ээлеп алган мүлкүн — элдин акысын буларга жедирбестен, элге кайрып беребиз», — деп жыйынтыктады сөзүн Ташиев.

Чыныбай Турсунбековдун кыздары жана алардын адвокаттары УКМКнын башчысынын билдирүүсүнө азырынча комментарий берише элек.

Capital Bank мурда «АкылИнвестБанк» деген ат менен белгилүү болчу. Бул банкты 2008-жылы Максим Бакиевдин айланасындагы адам сатып алып, 2010-жылдагы революциядан кийин капиталдаштыра албай калган. 2012-жылы болсо банкты Турсунбеков сатып алып, атын өзгөрткөн.