Активист депутаттарды милиционерлерди видеого тартууга тыюу салган демилгеден баш тартууга чакырды

Активист Болот Ибрагимов милиция кызматкерлерин видеого жана сүрөткө тартууга, ошондой эле аларды соцтүйүнгө жайылтууга тыюу салган мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирди. Ал бул сунушу «полициялык мамлекетке алып келет, ошондой эле өлкөнү 10 жылга артка тартат» деп эсептейт.

«Алардын ишинин сапаты бүгүнкү күнгө чейин төмөн болууда, анткени ИИМ Кыргызстандагы эң коррупциялашкан мамлекеттик орган деп эсептелет. Муну баары билет. Бирок, тилекке каршыбы же бактыга жарашабы, буга эл күнөөлүү эмес. Биринчи кезекте мыйзам долбоорун өткөрүүнү каалап жаткан жетекчилер өздөрү күнөөлүү. Тиги же бул мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик каралган бир катар мыйзамдар бар экенин айткым келет», — деди ал.

Милиционерлерди сүрөткө жана видеого тартып, аны соцтүйүндөргө жайылтуу үчүн 5000 сом айып салуу же беш суткадан жети суткага чейин камакка алуу сунушталууда.

Демилгечилердин пикиринде, жарандар соцтүйүндөргө милиционерлердин видеосу менен сүрөтүн алардын «кадырын кетирүү» максатында чыгарууда.

https://www.youtube.com/watch?v=KevTPSCAFW4