Бишкек шаардык мэриясы бүгүн Батыш жана «Акжол» автобекети ишин токтотуп, башка жерге көчүрүлгөнүн кабарлады.

Эми шаар, облус аралык жана шаар чети каттамдарын «Бишкек автобекети» ишканасынын Алма-Ата 1/1 дарегинде жайгашкан жаңы бекети тейлейт.

«Учурда шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болуш үчүн, батыш жана "Акжол" кичи автобекетинен жаңы автобекетке чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатат»,— дешти мэриядан.