Жогорку сот Жоомарт Карабаевдин Улуттук илимдер академиясындагы ишинен мыйзамсыз алынганы тууралуу доо арызын карап, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Кылым Шамы» укук коргоо уюму Фейсбук баракчасына жазды.
Карабаев иштен алынышын мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. 5-февралда Ленин райондук соту анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартса, 17-апрелде Бишкек шаардык соту ал чечимди өзгөртүүсүз калтырган.
Карабаев өзүнүн иштен алынышы күч түзүмдөрүнүн айтканы боюнча экспертизанын корутундусун жазып берүүдөн баш тартканына жана буга макул болгон кесиптештерин сындаганына байланыштуу экенин билдирүүдө.
Жоомарт Карабаев быйыл июлда кармалган. Ага бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо беренелери боюнча айып тагылган. 31-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Карабаевди эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон.