Беттеш Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Башталышы 20:00.
Оюнду түз эфирде УТРК Спорт жана кабелдик түйүндөрдөгү (Megaline, Aknet, Neotelecom) Кыргыз Спорт ТВ телеканалдарынан көрүүгө болот.
Футболго байланыштуу шаардагы бир катар көчөлөр жабык болот:
- Фрунзе көчөсү Тоголок Молдодон Панфилов көчөсүнө чейин;
- Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.
Кыргызстан курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө биринчилигине тандап алуунун үчүнчү баскычында А тайпасында ойноп жатат. Учурда «Ак Шумкарлар» үч упайы менен тайпада бешинчи орунда келүүдө.