«Манас» аэропорту эл аралык кодун BSH деген аталышка алмаштырышы мүмкүн

Image descriptionЭл аралык «Манас» аэропортунун FRU аталышындагы уникалдуу кодун жакынкы күндөрү жаңысына алмаштыруу пландалууда. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов парламенттин Эл аралык иштер комтетинде билдирди.

Депутат Арсланбек Малиев аэропорттун кодун алмаштыруу маселесин эки жылдан бери көтөрүп келерин, бирок андан бери эч нерсе өзгөрбөгөнүн билдирди. Жооп катары Төлөгөнов учурда «Манас» аэропорту бул тууралуу Аба транспорту боюнча эл аралык ассоциация (IATA) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.

«Биз бул ишти аяктап калдык, учактары “Манас” аэропортуна конгон бардык авиакомпаниялардын макулдугун алдык. Азыр IATA менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. [...] Жакында BSH деп Бишкектин аббревиатурасына алмаштырабыз»,
— деди Төлөгөнов.

Малиев борбор шаар Фрунзе деп аталбай калганына көп болгонун айтып, кодду мурда эле алмаштыруу керек болгонун белгиледи.

IATA'дин маалыматтар базасынын сайтында азырынча BSH коду жок.