Экология министрлиги: Бишкектеги абанын сапатын өлчөгөн жабдуулар туура эмес иштейт

Бишкекте орнотулган абанын сапатын өлчөө жабдуулары туура эмес иштейт жана так эмес маалыматтарды берет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-9-декабрь күндөрү мекеменин кызматкерлери Бишкектеги абанын сапатын нормадан ашык кылып көрсөтүп жаткан жабдууларды текшерген. Анын жүрүшүндө айрым жабдуулар жабык, желдетилбеген жерлерге орнотулганы, башкаларында сертификаттары жок экени аныкталган.

Министрлик жабдуулардын ээлерин аныкталган мыйзам бузууларды оңдоого жана абанын сапаты боюнча ишенимдүү маалыматтар менен гана бөлүшүүгө чакырды.

Ал арада кыргызстандыктар соцтүйүндөргө Бишкектеги ыштын сүрөттөрүн байма-бай чыгарып келишет.

Октябрдын башында энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл кышында Бишкекте ыш болбой турганын билдирген. Анын айтымында, шаардагы абанын булганышынын негизги булактары жоюлган: мончолор жана дизель менен жүргөн автобустар. Ибраев ошондой эле үйлөрдү газдаштыруу иштери жүрүп, ЖЭБ реконструкция болуп жатканын кошумчалаган.

Бирок сууктун түшүшү менен Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын тизмесинин алдыңкы саптарына чыккан.