Гимди өзгөртүү боюнча комиссия түзүлдү, ага сегиз депутат мүчө болду

11-декабрда түзүлгөн ведомстволор аралык комиссияга Жогорку Кеңештен Саидбек Зулпуев, Бакытбек Марипов, Кубаныбек Самаков, Советбек Рустамбек уулу, Азамат Исраилов, Аккулу Бердиев, Винера Раимбачаева, Айбек Маткеримов мүчө болду.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, алгач Минкабдын ведомстволор аралык комиссиясы гимдин үч версиясын тандап, парламентке сунуштайт. Кийин депутаттар карап чыгып, бирин мыйзам менен бекитет.

Гимнди өзгөртүү демилгесин парламент төрагасы Нурланбек Шакиев көтөрүп чыккан. Ал муну гимде советтик калдыктар бар экени жана ырдоого татаал экени менен түшүндүргөн.

Президент аны колдоп, гимн өлкө эми гана эгемендикке жеткендей эмес, мамлекет катары толук калыптанган эгемен өлкө катары ырдалышы керектигин айткан.

Гимди өзгөртүү сунушу коомдо кызуу талкуу жаратты. Соцтүйүндүн айрым колдонуучулары демилгени сынга алса, кээ бири азыркы гимн совет учурундагы окшош экенин айтып колдошкон.