Сот экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевди ТИЗОдон бошотту

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди абактан бошотту.

Соттун чечиминде Зилалиев эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы, буга чейин мындай өтүнүч менен сотко УКМКнын тергөөчүсү кайрылганы жазылган.

Зилалиевдин кармалганы 13-сентябрда белгилүү болгон. Басылмалардын маалыматына ылайык, аны УКМКнын кызматкерлери кен иштетүүгө лицензия берүүдө коррупциялык аракеттерге барган деген шек менен кармашкан. Бул иш боюнча Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков да кармалган.

Бул Зилалиевге козголгон алгачкы кылмыш иши эмес. 2018-жылы УКМК анын декларацияланбаган үйлөрүн, батирлерин жана банк эсебинен миллиондогон каражат тапкан. Ал бул ишти саясий шоу деп атап, тагылган айыптарды четке каккан. Анда Зилалиев тогуз жылга эркинен ажыратылган. Бирок 2021-жылы июнда Жогорку сот төмөнкү баскычтагы соттордун чечимин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

2023-жылы Зилалиев кайра кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал 2017-жылы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин башкарып турганда Б.Р. аттуу жаранга кен иштетүүгө лицензия берүүнү убадалап, андан 50 миң доллар алган. Бирок ал убадасын да аткарбай, лицензия да берген эмес. Кийин Б.Р. дооматтарынан баш тартып, Зилалиев эркиндикке чыккан.