Минкабдын башчысы Адылбек Касымалиев Бишкекте министрликтер менен мекемелер үчүн административдик шаарча куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө токтомго кол койду.
Ага ылайык, башкы куруучу катары Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы мамлекеттик «Кыргызстройсервис» ишканасы тандалды.
Kaktus.media басылмасынын маалыматы боюнча, аталган ишканага долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу, ошондой эле административдик комплекс менен конгресс-холлдун имаратын долбоорлоо жана куруу тапшырмасы берилди.
Буга байланыштуу Касымалиев Каржы министрлигине курулуш долбооруна ылайык каржы булагын табуу, ал эми Мамлекеттик курулуш агенттигине уруксат документтерин алууда жардам көрсөтүү тапшырмаларын берди.
Болжолдуу маалыматтарга ылайык, административдик шаарча Айтматов проспектисиндеги президенттин администрациясынын жаңы имаратынын маңдайына курулат.
2022-жылы апрелде Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы Бишкекте мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруларын билдирген. Анда бул министрликтер менен мекемелердин ишин тездетип, жол тыгындарын азайта турганы айтылган.