ЖМК: Беларуста Бакиевдерге байланышы бар компания банкрот болууда

Беларуста Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө таандык компаниянын туундуу фирмасы банкрот болууда. Бул тууралуу «Зеркало» аттуу беларус басылмасы өлкөнүн Жогорку сотунун маалыматтарына шилтеме кылып жазды.

Кеп 2020-жылы жайында негизделген жана имараттарды курууга адистешкен «Ретсгаб дер строй» аттуу фирма жөнүндө болууда.

Басылманын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 8-январында Минск шаарынын экономикалык соту «Ретсгаб дер стройдун» банкроттуулугу боюнча ишти караган. Сотко арыз менен Салык жана төлөмдөр министрлигинин тескөөчүлөрү кайрылган.

Февралда компаниянын ээлери салык боюнча карызы бар фирманы жоюуну чечишкен.

Журналисттер «Ретсгаб дер строй» формалдуу түрдө Бакиевдин небереси Русланга (азыркы фамилиясы Петров) катталган «Гермес Констракшн» компаниясына баш ийерин аныктап чыгышкан. Ошол эле маалда «Гермес Констракшндын» өзүндө да көйгөйлөр болууда.

«2021-2022-жылдары аталган компаниянын камакка алынган мүлктөрүн аукцион аркылуу сатуу аракети болгон. Ал Минск шаарындагы Свердлов көчөсү 11 дарегинде турган бир нече эскалатор болгон. Ошол эле даректе Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн мейманканасы менен көп функционалдуу комплекси да жайгашкан. Азыр бул мүлк да сатылууда», — деп жазды басылма.

«Мейманкана» дегенде кеп Centropol соода борбору жайгашкан ошол эле имараттын өзүнчө кабаттарын ээлеп турган «белгисиз максаттагы» чоң беш бөлмө жөнүндө болууда.

«Бул жерде мейманкана пайда болушу керек болчу (сатылып жаткан аянтчалардын техпаспортторунда да ушундай деп жазылган). Кыймылсыз мүлктүн жалпы баасы — 16 млн. рублден ашык. Ал ипотека боюнча карызынан улам сатылууда», — деп жазды басылма.

2010-жылы апрелде Кыргызстанда президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин кулашына алып келген жапырт нааразылык акциялар болгон. 7-апрелде митинг катышуучуларына ок атылып, расмий маалыматтар боюнча 80ден ашык киши каза болгон. Бакиев туугандары жана жакын санаалаштары менен өлкөдөн качып кеткен.

Кыргызстанда Бакиев бир канча кылмыштарга айыпталып, сыртынан 30 жылга соттолгон.