Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун Султанбековду бошотуу өтүнүчү менен президентке кайрылды

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековду абактан бошотуу өтүнүчү менен президентке кайрылды. Бул жөнүндө ал Фейсбук баракчасына жазды.

Акундун айтымында, ал саясатчынын абалынын оорлоп баратканына кабатырланууда. Ал буга чейин Султанбековдун сурак маалында эс-учун жоготконун эске салды.

«Мен да укук коргоочу катары Акаев менен Атамбаевдин бийлигинин учурунда алардын мыйзамсыз аракеттерине каршы көп күндүк ачкачылык жарыялаган адам катары ал акциянын өтө коркунучтуу жана кооптуу экендигин жакшы билем. Андай трагедиянын болушун кааалбайм. Баладан ажыроо кандай оор экендиги өз башыңыздан өттү. Темирлан да бирөөнүн алпештеген баласы. Атасы жалдырып, улам сизге кайрылып, баласын бошотуп коюусун сыздап суранып жатат», — деди ал.

Акун Султанбеков менен анын партиялаштарына добуш сатып алуу айыбынын тагылышы «ишеним жаратпай турганын» кошумчалады. Анын пикиринде, партия мүчөлөрүнүн соцтүйүндөргө жарыяланган сүйлөшүүсүндө алар добуш сатып алууну эмес, а шайлоодо иштеген адамга айлык төлөп берүүнү талкуулап жатышкан.

«Анын ала турган айлыгы БШКда катталып, баары мыйзамдуу болгондугу тууралуу айтып келишкени сизге белгилүү. Анан ошол үчүн эле камап, иш козгоп, партияны тизмеден чыгаруу мыйзамдын одоно бузулушу болот. Эгер БШК калыс болгондо, добуш сатып алуу боюнча жалгыз эле “социал-демократтарды” гана шайлоодон четтетпестен, башка мыйзам бузган партияларды да четтетүүсү зарыл эле», — деп билдирди ал.

Акун ошондой эле Султанбековдун кармалышы мыйзамсыз болгонун, анткени шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер кол тийгис болуп саналарын белгиледи.

«Негизи эле укук коргоо органдары тарабынан “социал-демократтардын” мүчөлөрүн кармап, коркутуп-үркүтүп камакка алуу — бара-бара саясий куугунтукка окшоп баратат. Бул сиздин “демократиялык, укуктук жолдон тайбайбыз” деп айткан сөздөрүңүздөн четтеп, мыйзамдарды жана Конституцияны бузуу болуп жатканын айтпай коё албайм», — деди экс-акыйкатчы.

Акун азыр Султанбековдун боштондугун Европарламент, БУУнун тынч жыйындар боюнча атайын баяндамачысы, БУУнун жаштар боюнча ассистенти жана Социнтерндин жетекчилиги талап кыла баштаганын кошумчалады.

24-январда Султанбеков Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратында эс-учун жоготкон. Жакындарынын айтымында, ал медиктер тамчылатма дары куйгандан кийин эсине келген.

Адвокат Айдана Ирсалиеванын айтымында, Султанбековдун абалы өтө оор жана ал ооруканага жаткырылышы керек. Саясатчы кармалган күндөн, тагыраагы 72 күндөн ашык убакыттан бери ачкачылык акциясын улантууда.

Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун абалы «канааттандыраарлык» деп бааланып жатканын жана ал ТИЗО-1дин дарыгерлеринин көзөмөлүндө экенин билдирүүдө.

Темирлан Султанбеков жана анын партиялаштары Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевер былтыр ноябрдын ортосунда добуш сатып алуу шеги менен кармалган.