Эмнеге ЦУМдун жанына жаңы жер алдындагы өтмөк куруу — жаман идея? Урбанист түшүндүрөт

Бийлик жөө адамдар үчүн жаңы жер алдындагы өтмөк жана Old Bishkek аттуу соода борборун куруу үчүн Бишкектин борборундагы «Айчүрөк» соода борборунун (ЦУМ) алдындагы жолду жаап, асфальтын сыйрып, дарактарды кыйды.

Долбоордун авторлорунун айтымында, Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтмөгү агымга туруштук бере албай калды. «Бул көчөлөрдүн кесилишинен өтүү — бүтүндөй бир квест», — дешет долбоордун өкүлдөрү. Алардын айтымында, жаңы өтмөк жөө адамдардын ыңгайлуулугу, жол тыгынын азайтуу жана жаңы унаа токтотуу жайлары үчүн керек. Муну менен катар алар Кыргызстандагы алгачкы жер алдындагы соода борборунун курулушун «тарыхый окуя» деп атап жатышат.

Бирок эмне үчүн жер алдындагы өтмөктү жана балким, эч кимге кереги жок соода борборун куруу — жаман идея?

Peshcom аттуу урбанисттик демилгенин негиздөөчүсү Рада Валентина кызы жер алдындагы өтмөктөр «негизинен жөө адамдардын эмес», а унаа айдагандардын ыңгайлуулугу үчүн куруларын айтат.

«Автоунаалар үчүн артыкчылыктар канчалык көп болсо, алардын саны да ошончолук көп болору баарына эле белгилүү факт. Тыгындарды азайтуунун жалгыз гана туура жолу — бул унаа колдонуучулардын санын азайтуу», — дейт урбанист.

Анын айтымында, жер алдындагы унаа токтотуу жайы — шаардын бул бөлүгү үчүн начар чечим болуп саналат жана ал жалпы жонунан тыгын маселесин жакшыртпайт. Валентина кызы мындай чечимдерден кийин шаардын башка бөлүктөрүндөгү көйгөйлөр тескерисинче күчөгөнүн гана айтууда.

«Чынында бул долбоордун максаты — актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү эмес, а кезектеги соода аянтын куруу [...] Бишкектиктерге ансыз деле соода борборлору көп жайгашкан райондо дагы бир соода борбору керекпи? Бул суроо риторикалык бойдон калууда», — дейт Валентина кызы.

Учурда шаардын бул анча чоң эмес бөлүгүндө ЦУМ, ГУМ, эки «Дордой Плаза», «Ред Центр» жана «Евразия» сыяктуу чоң соода борборлору бар. Жөө адамдар үчүн жер алдындагы жаңы өтмөк жана соода борбору жөнүндө сиздин оюңуз кандай?