УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин сиз менен иши деле болбошу мүмкүн. Бирок өлкөдө өзүн көрсөткүсү келген майда-ташиевдер, ар кыл тармактагы, ар башка деңгээлдеги чекисттер абдан көп. Тилекке каршы, булардын сиз менен чатагы жок деп айтууга болбойт. Бейтаныш погончондор кылт эткендин баарын көзөмөлдөп турган шартта кантип жашоо керек? Бул тууралуу «Экстремисттин кеңештери» видеолор сериясында айтып беребиз.
Ташиевдин сизди камап салайын деген оюу барбы? Ооба, сизди, Ташиев өзү? Андай болбосо керек. Балким мени камагысы келет, бирок, бул башка кеп.
Сиз саясатка аралашпасаңыз, митингдерге барбасаңыз, соцтармакка ар кайсыны жаза бербесениз, УКМКнын жетекчилигинин сиз менен иши да болбойт. Бирок, башка маселе бар, Кыргызстандын ар бир аймагында УКМКнын кеңсеси ачылган.
Башкача айтканда, өлкө боюнча камчысы катуу майда-Ташиевдер жайнап кетти, жана аларга сиз кызык болушуңуз мүмкүн.
Мисалы бизнесиңиз болгон болсо, аны тартып алгысы келсе, майда-Ташиевдер буга сөзсүз аралашат.
Же зорго курган үйүңүздү мамлекет бузам деп чыкса, сиз каршылык көрсөтүп баштасаңыз, майда-Ташиевдер тез эле камап коёт, сиз отурасыз анан, үйүмдү сүрдүрсө деле макулмун демейинче.
Жарыкты өчүрүп кетишсе, сиз буга нааразы болуп соцтармакка пост жазсаңыз, майда-Ташиевдер сүйлөшүүгө чакырышы мүмкүн.
Тилекке каршы бүгүнкү реалдуулук ушундай, Кыргызстанда ушундай майда-Ташиевдердин тобу менен аралашып жашоого аргасызбыз.
Кара түтүн, кооптуу жолдор, жарыктын өчүшү… Мисалы, көчөнү кара түтүн каптап жатса, сиз эшик-терезени бекем жабасыз.
Эми тумчуланып жаап алса эле өпкөнүн рагынан сактанып калабыз деген кеп эмес, бирок зыянды кичине болсо да азайтышы мүмкүн.
Майда-Ташиевдер деле ушундай. Канткенде заласы азыраак тийгендей жашасак болот? Бул майда-Ташиевдердин көзүнө көп чалдыкпаш үчүн эмне кылсак болот?
Жазышкан каттарыңызды окубай, телефондогу сүйлөшүүлөрдү тыңшабай, кирген сайттарыңызды аңдыбай тургандай кандай чара көрсө болот?
Ушундай суроолорго жооп берүү үчүн биз кыска видеолордун топтомун даярдадык.
Майда-Ташиевдердин жоон тобу менен бир өлкөдө жашаш үчүн, тобокелдерди азайтуу үчүн гигиена эрежелери тууралуу сүйлөшөбүз.
Кайсы мессенжерлер салыштырмалуу коопсуз, аларды канткенде коопсуз пайдалана алабыз — ушул тууралуу айтып беребиз.
Кнопкалуу жөнөкөй телефон тыңшоодон сактай алабы? Спойлер, сактабайт.
VPN деген эмне жана анын пайдасы барбы? Ушул сыяктуу кызыктуу темаларды талкуулайбыз. Балким булар сиздин өмүрүңүздү же эркиндигиңизди сактап калууга өбөлгө болот.
Кыргызстандын бийлиги менин ишмердүүлүгүмдү жана «Клооптун» материалдарын экстремисттик деп тапкан, бирок мен азыр деле эркиндиктемин. УКМК мени тыңшаганы деле билинбейт. Демек айткандарымда жан бар.
Биздин материалдарды окугула, видеолорду көргүлө, бирок лайк басуу, бөлүшүү же комментарий калтыруу кооптуу экенин эскерте кетейин.
Канткенде коркунучсуз жактыруу белгисин басууга болорун да ушул видеолор сериясында айтабыз.
Биз менен бирге болгонунуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздер менен силер жакшы көргөн экстремист — Ринат Тухватшин.
Дисклеймер: Ринат Тухватшин ИИнин жардамы менен кыргызча сүйлөдү





