Сизди тыңшап жатышат. Эмне кылуу керек?

Сиздин сүйлөшүүлөрдү тыңшайт деп ойлойсузбу? Ооба, эгерде үн байланыш аркылуу чалсаңыз – тыңшайт. Эгерде смс билдирүү жазсаңыз – окушат. Же түн оогончо бүтпөй сырдашканымды эч ким укпайт, билбейт деп ойлоп жүрдүңүз беле? Ал эми мындай тыңшоодон сактануунун кандай жолу бар? Биз түшүндүрүп беребиз.

Атайын кызмат биздин телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшайбы? Бул боюнча, сиздер үчүн менде эки жаңылык бар: жакшы жана жаман. Жаман жаңылык.

Стационардык шаардык телефон же смартфон колдонуп, бирок мессенжерлер аркылуу эмес, кадимкидей эле жашыл түстөгү трубканын сүрөтүн басып, үн байланыш аркылуу сүйлөшсөңүз, кадимки эле текст түрүндөгү смс билдирүүлөрдү жазсаңыз — тилекке каршы, мунун баарын тыңшайт, керек болсо жаздырып алышат.

Кайсы бир тентектерди, мыйзам бузуучуларды гана эмес, бардык адамдарды. Себеби? Себеби, биздин УКМК качан эле бардык уюлдук операторлорду мажбурлап атайын жабдык орноттурган. СОРМ. Жабдуу ушундай аталат. Бардык смс, чалууларды жаздырып анан сактап калат. Ал эми атайын кызмат бул маалыматты оңой эле алcа болот.

Ошондуктан эл арасындагы үч мифти жокко чыгарсак болот. Кайсы миф? Айрым адамдар, смартфондун ордуна кнопкалуу телефон көтөрүп, эч ким тыңшай албайт деп айтып жүрүшөт. Бул жалган. Дал ошол кнопкалуу телефонду тыңшаган абдан оңой. Дагы бир миф, айрымдар телефон сүйлөшүүдө шыбыр-күбүр же дабыштар угулса, демек мени тыңшап жатышат деп ойлошот. Бул дагы жалган.

Кадимки үн байланыш аркылуу кимдир бирөөгө чалсаңыз, демек дайыма эле тыңшоодосуз. Үчүнчү, маанилүү миф — сиз, мени менен атайын кызматтын эмне жумушу бар деп ойлошуңуз мүмкүн.

Ооба, мейли тыңшап атат дейли, бирок аларга эмне шам? Балким азыр сиз УКМКга кызык деле эмессиз, бирок качандыр бир убакта онлайн аянтта байкабай сүйлөп алсаңыз же сезимтал комментарий калтырсаңыз. Же сизге таандык жер тилкеси мамлекетке керек болуп калсачы?

Же болбосо, УКМКда иштеген бирөөнүн тууганы сиздин бизнеске, базардагы ордуңузга көз артып калсачы? Мындайда иш козгоп коюш бат эле. Анан ошол кылмыш ишинин алкагында, болгон сүйлөшүүңүздү тыңшап, смс билдирүүлөрүңүздү окуп башташат. Бул жаман жаңылык болду.

Жакшы жаңылык — телефонуңузга жүктөлгөн вотцап, сигнал сыяктуу мессенжерлерди тыңшоо алда канча татаал. Аларды кантип туура пайдалануу керек? Канткенде мессенжердеги маалымат эч жакка чыкпагыдай кылса болот? Кийинки видеодо айтып берем.

Дисклеймер: Ринат Тухватшин ИИнин жардамы менен кыргызча сүйлөдү