МКК жалпы жарандык паспорттордун дизайнын иштеп чыкты

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттордун өзүнчө түрлөрүн иштеп чыгып, ведомствого токтом киргизди.

МКК өзүнүн токтом долбоорунда 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык паспорторду, ошондой эле алардын түшүндүрмөсүн жана үлгүсүн бекитип берүүнү сунуштайт.

«2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттун, дипломаттык жана кызматтык паспорттордун айырмалоочу белгиси болуп Кыргыз Республикасынын жараны жөнүндө жеке маалыматтарды камтыган электрондук чиптин бар болушу саналат», — деп билдиришти МККдан.

2020-жылдын үлгүсүндөгү жаңы паспорттор:

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду кыргызстандыктар үчүн Mühlbauer ID Services компаниясы иштеп чыгарат. МКК аталган компания менен 2020-жылдын май айында келишим түзгөн.

Келишим боюнча, Mühlbauer ID Services үч жылдын ичинде 1,5 миллиондон ашуун бланк даярдап чыгарат. Ал эми МККга караштуу жекелештирүү борбору жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык паспорттордун бланктарына жарандарын жеке маалыматтарын киргизмекчи.

Mühlbauer ID Services компаниясы менен келишим түзгөнгө чейин МКК 2018-жылы тендер жарыялаган, ал эми өлкөнүн бийлиги ага 1,2 млрд сом бөлгөн.

Бирок ал тендерде Mühlbauer ID Services эң аз сумманы сунуштаганына карабастан, жеңишке жетпей калган. Тендерди Литванын Garsu Pasaulis компаниясы уткан. Ал эми Mühlbauer ID Services тендердик комиссиянын чечимин адилетсиз деп эсептеп, анын үстүнөн даттана баштаган.

Андан кийин УКМК МККнын кызматкерлери тендерди уткан Garsu Pasaulis компаниясы менен аффилирленген деген айып менен аларга карата кылмыш иштерин козгой баштаган.

2019-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту бул иштин үч фигурантын — «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевди, статс катчы Данияр Бакчиевди жана МККнын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбиевди күнөөлүү деп таап, аларга айыппул салган.

Биометрикалык паспорттордун айланасында козголгон кылмыш иштеринен улам МКК аларды эки жылга чукул убакыт чыгара албай келген. Анын дагы бир кесепети — Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору коопсуздук талаптарынан өтпөгөндүгүнө байланыштуу АКШнын өкмөтү кыргызстандыктарга миграциялык документтерди берүүгө тыюу салган.

Ошол эле учурда кыргызстандыктарда туристтик жана иш визаларын алуу мүмкүнчүлүктөрү бар.