Акыркы суткада коронавирустун 549 жаңы учуру катталды — анын 125и Бишкекте

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан 21-октябрда коронавирустун жаңы 549 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 427синде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 122синде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 125;

Жалал-Абад облусу — 117;

Баткен облусу — 97;

Ош облусу — 82;

Чүй облусу — 53;

Ош шаары — 37;

Ысык-Көл — 24;

Талас облусу — 10.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 53 459га жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 19 197. Ал эми Чүй облусунда — 6006, Ош облусунда — 5 892, Жалал-Абадда — 6 041, Ысык-Көлдө — 4 279, Ош шаарында — 4 154, Баткенде — 4 508, Нарын облусунда — 1 794 жана Талас облусунда — 1 588 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 305 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталды — 99, Ош облусунан — 78, Бишкек шаарынан— 39, Ош шаарынан — 11, Баткен облусунан — 30, Чүй облусунан — 22, Ысык-Көл облусунан — 16, Талас облусунан — 7, Нарын облусунан — 3 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 46 444 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 796 бейтап, ал эми үй шартында 2 612 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 118 адамдын өмүрүн алды.