«Мекенчил» партиясынын мүчөсү, премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун тарапташы Мелис Аспеков өлкө башчысынын шайлоосуна даярдыгын камсыздоо үчүн Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетектемей болду. Бул тууралуу Аспеков фейсбук барагында билдирген.
«Эртеңден баштап президенттик шайлоого даярдык көрүп баштайм. Садыр Жапаров агам шайлоодо Чңй облусун жетектейсиң деп дайындап кетти. Эң негизгиси президенттик шайлоодон жеңип чыгыш керек, калганы “ерунда” дегендей», — деп жазды Аспеков.
Ал штаб ачууну жана райондор боюнча координаторлорду дайындоону пландап жатат. Аспеков бул үчүн «чүйлүк туугандарды» байланышка чыгууга чакырды.
Аспеков мындан бир нече күн мурда — 30-октябрда — Жапаровдун кадрдык чечимдерине нааразычылыгын билдирген. Атап айтсак, Аспековго Жапаровдун кеңешчиси Арзыбек Бурханов менен «Манас» аэропортунун жетекчиси Бакыт Сыдыковдун кызматка дайындалганы жаккан эмес.
Аспеков эгер алар кызматтарын тапшырып кетпесе Бишкектин борбордук аянтына боз үй тигип, ачкачылык жарыялай турганын убада кылган. Ал Бурхановду «көптөгөн адамдарды алдап кеткен аферист», ал эми люстрация болсун деп болгон революцияны «люстра» деп атаган.
«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери жана экс-депутат Бакыт Сыдыков «Манас» аэропортунун жетекчиси болуп 21-октябрда дайындалган. Бирок, аэропорттун кызматкерлеринин наарызычылыгынан кийин Жапаров ага «Манастын» көйгөйлөрүн чечүү үчүн 10 күндүк убакыт берген.
Жапаров Сыдыков өз милдеттерин аткара албаса кылмыш жоопкерчилигине тартылып, кызматынан кетерин убадалаган. 3-октбябрда бул мөөнөт аягына жеткен, азырынча аэропорттун жетекчилигинен жаңылык жок.
Бурханов менен Жапаров экөө Бурхановдун ишкерге карызын «чечүү маселеси боюнча» кримтөбөл Камчы Көлбаевге барышкан чуу менен байланыштуу. 2013-жылы «Коля-кыргыздын» ишин кароодо Бурханов жабырлануучу катары чыгып, бирок Көлбаевге карата бардык дооматтарынан баш тарткан.
Жапаров 25-октябрда кезексиз президенттик шайлоого катыша турганын билдирген. Ага чейин ал, мыйзам талабына ылайык, ыйгарымдарын тапшырып, өз отставкасын өзү кабыл алат.
Жапаровдун тарапкерлери ал абакта кезинде эле президент болот деп болжошкон, ал эми ал абактан чыккандан кийин бул алардын башкы талаптарынын бирине айланган.
Баары экс-президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан башталган. Митингчилер парламенттик шайлоодон кийинки толкундоолордо мамлекет башчысынын кызматынан кетүүсүн талап кылып башташкан. Жээнбеков 15-октябрда, Садыр Жапаровдун тарапташтары мамлекеттик резиденцияга барабыз деп коркутушкандан кийин «элдин тынччылыгы үчүн» өз эрки менен отставкага кеткен.
Эртеси парламенттин спикери болуп жаңы дайындалган Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан. Ал парламенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап баратканда өлкө башчысынын милдетин аткарып жатканына суроолор жаралышы мүмкүн деп билдирген.
Мындай учурда мамлекет башчысынын милдетин премьер-министр аткарат деп жазылган — ал убакта өкмөт башчы Жапаров болгон. Жыйынтыгында Жапаров президенттик менен премьер-министрлик ыйгарым укуктарды бирге аткарып калган.