Жапаров: «Манас» аэропортунун башчысы коррупциялык схеманы аныктабаса бошотулуп жоопко тартылат

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жакында эле дайындалган «Манас» аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыков аэропортто он күндүн ичинде коррупцияны жоюп, маселени чечүү боюнча план ойлоп табууну убада кылганын билдирди. Ошондой эле ал аэропорттон көмүскө схемалар аркылуу чыгып кетип аткан акчаларды да мамказынага кайтарып берем деп ишендирген.

«Аэропортто сол чөнтөккө түшүп аткан акчалардын бардыгын аныктап билдик. Мурда ал өзү аэропортто иштеп кеткен. Аларды ал жакшы билет экен. Алардын бардыгын он күндүн ичинде мамлекеттик казынага түшүрүп берем, эгер түшүрбөсөм анда мени кетиресиз деди. Андан бери беш күн өттү, дагы беш күндүк убактысы бар», — деп билдирди Жапаров «Ала-Тоо 24» программасынын эфиринде.

Президенттин милдетин аткаруучунун айтымында, Сыдыков кызматтан кете турган болсо аны кылмыш жоопкерчилиги күтөт.

Сыдыков жана директордун орду

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин кеңешчисинин уулу жана «Ата-Журт» партиясынын мурдагы депутаты 21-октябрда «Манас» аэропортунун жетекчиси болуп дайындалган. Саясий кризистен улам кызмат алмашуулар башталганга чейин Бактыбек Сыдыков «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде парламенттин жетинчи чакырылышына келүүгө камданып жаткан.

Сыдыков кызматка дайындалган күндүн эртеси аэропорттун 50дөн ашык кызматкери митингге чыгышкан. Алар Сыдыков буга чейин 2007-2010-жылдары аэропортту жетектеп, өзүн терс жагынан көрсөтүп койгондуктан кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Алар Сыдыковдун талапкерлигин өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондусунун сунуштоосунан кийин жактырган Жапаров, кадр тандоодо катардагы адамдардын үнүн угуп, пикирин эске алышы керектигин да белгилешкен.

Андан кийин премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров аэропорттун жаңы дайындалган башчысын жеке сүйлөшүүгө чакырган. Бирок Жапаров ал он күндүн ичинде аэропорттогу коррупция менен күрөшүүнүн жана стратегиялык объекттин маселелерин чечүү боюнча концепциясы менен тааныштырууну убада кылгандыгы үчүн кызматтан бошотпоону чечкен.

Ошол эле учурда өкмөттүн жана аэропорттун расмий сайттарында сүйлөшүүлөр жүргөндүгү тууралуу маалыматтар чыккан эмес. Сүйлөшүүлөр болгондугу жөнүндө мекеменин басма сөз катчысы Алия Курбанованын фейсбуктагы постунан кийин белгилүү болгон.

Сыдыков өзү кызматкерлердин бир бөлүгү митингге маселе-көйгөйлөр көбөйүп кеткендиктен жана ал маселелер чечилээрин, ал эми митингчилердин айрымдары «кээ бир адамдар менен кландардын кызыкчылыгын коргоп» чыгышкан деп билдирген. Аэропорттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, митинг жана Жапаров менен жолугушкандан кийин ал өз демилгеси менен аэропорттун ар башка кызматтарынын өкүлдөрү менен бир нече жолугушуу өткөргөн.

«Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча компаниянын жыргалчылыгы үчүн жана "МЭА" ААК ишмердүүлүгүнө таасир тийгизбөө үчүн биргелешип иштөө коллегиялуу чечилди. Жамаат өлкөнүн стратегиялык объектисин куруу боюнча жаңы жетекчиликти жана пландарды колдоого алат», — деп белгишет ведомстводогулар.

Аэропорттун басма сөз кызматынан «бүгүнкү күндө ишканада пикир келишпестиктер жана чыр-чатак абалы жок» деп белгилешет.