COVID-19: Акыркы суткада алты бейтап каза болду, вирус 423 адамда аныкталды

Акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясына чалдыккан алты бейтап каза болду. Алардын үчөө Бишкек шаарынан, үчөө Нарын, Чүй жана Ош облустарынын тургундары болгон.

Ошондой эле өткөн суткада коронавирус 423 адамда аныкталды.

COVID-19га кабылгандардын көбү Бишкекте катталды — 130 адам. Ал эми Чүй облусунда — 102, Жалал-Абад облусунда 50, Ош облусунда 35, Ош шаарында 16, Ысык-Көл облусунда 33 жана Баткен облусунда 29 адам катталды.

Коронавирус жугузуп алгандардын 17си Талас облусунда катталды. Жаңы учурлардын эң азы Нарын облусунун аймагында катталды — 11 адам.

Акыркы сутка ичинде коронавирус жуктургандардын арасында медицина кызматкерлери да бар. Вирус 14 медикте тастыкталды.

Алардын ичинен эң көбү Бишкекте катталды — 6 медицина кызматкери. Чүй облусунда вирус үч медикте тастыкталды.

Ош облусунда жана Ош шаарында бирден медик инфекцияга чалдыкты. Ошондой эле, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында дагы бирден медик ооруга кабылды. Ысык-Көл облусундагы медик кызыл аймакта иштеген.

Акыркы сутка ичинде 461 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бирок 2869 бейтап медиктердин көзөмөлүндө калууда, алардын ичинен 109 бейтаптын абалы кескин оор, 750 адам оор абалда, 1958 кишинин абалы орточо деп бааланууда.

Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруунун 71 971 учуру катталган. Айыгып чыккандардын саны 63 407 адамга жетти.

Саламаттык сактоо министрлинин эсеби боюнча, алардын ичинен коронавирусу аныкталган 1253 бейтап каза болгон. Бирок, ведомство статистикадан 400дөй учурда алып салганы белгилүү — бул коронавируска кабылган жана коштоочу оорулары бар бейтаптар болгон. Ошол эле учурда ведомство ДСУнун стандарттары боюнча кайра эсептеп чыгарын убадалаган — ал стандартка ылайык, коштоочу оорулары бар адамдар статистикага кошулушу керек, анткени коронавирус болбосо алардын оорулары өөрчүмөк эмес.