Парламент депутаты Дастан Бекешев фейсбук барагында Бишкектеги абанын абалын сынга алды. Анын айтымында борборду каптаган кара түтүн жарандардын ден соолугун бир топ солгундатышы мүмкүн.
«Бишкектин үстүндөгу кара түтүн шаардыктардын өмүрүн кыскартат жана борбордо жашап иштеп жаткандардын ден соолугуна олуттуу зыян келтирет. Кара түтүн бир гана борбор калааны каптаган жок. Аймактарда салыштырмалуу таза аба кармалып турат. Жыл өткөн сайын аймактарда деле экологиялык абал оорлошуп жатат: жарандар бак-дарактарды кыйып, жан-жаныбарлардын тукумун соолутуп, мал жаябыз деп токойлорду кыйып, колуна тийгени менен от жагып, үйлөрүн жылытып жатышат», — деп жазат Бекешев.
Ал мамлекет экологиялык абалды жакшыртуу үчүн эч кандай чара көрбөй жатканын, 2021-жылдын бюджетинде экологиялык маселелердин алдын алууга кошумча каражат дагы каралбагандыгын эке салды.
«Мамлекеттен финансылык колдоо болбосо экология жакшырбайт. Кыш мезгилинде газ менен электр энергиясына болгон тарифтерди субсидиялаш керек, айылдарды газга туташтырып, автотранспортту текшерүүгө алуу зарыл. Бирок баягыдай эле, мындай иштерге акча жок. 2021-жылдын бюджетинде экологияны жакшыртууга 1 тыйын да каралган эмес», — деди депутат.
Анын айтымында, өлкө бийлиги саясат менен алек болуп жатканда экологияны жакшырта турган эч ким жок болууда.
«Баары эле бийлигин көбөйтүү, конституциянын айланасындагы талаш-тартыш, кызматка дайындоо жана сүрөө менен алек. Мунун баары “элге хан керек” деген соус менен жасалып жатат. Эл качан таза аба менен дем алууну каалап баштайт?» — деп суроо салат Бекешев.
«Пландык иштерди жүргүзүп жатабыз»
Бишкек мэриясы 1-декбарда абаны бузган булганыч заттарды азайтуу боюнча пландык иш-чараларды жүргүзүп жатканын билдирген. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин айтымында, шаарды каптаган кара түтүндүн негизги себептери: жаңы конуштар, атоунаалар жана ЖЭБ.
«Бир гана бизди өкүндүргөнү жаңы конуштун жашоочулары отун-суусун мурдатан даярдап албай, азыр ар кандай таштандалырды жагып, андан чыккан түтүн Бишкекти каптап жатат. […] Кара түтүн менен күрөштү мурда эле баштаганбыз. Бул пандемия бизге аябай тоскоол болду — каржы маселесинен кыйналдык. Элдик көтөрүлүш дагы бизди кичине кыйнап койду. Эң негизгиси — биз Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын бардыгын газдаштырышыбыз керек», — деп билдирди Түлөбаев.
Ал былтыркы баалар боюнча, бир үйгө газ киргизүү үчүн 20 миң сомдун айланасындагы каражат керектеле турганын билдирди.
«Бирок азыркы учурда кыйналып жаткан эл бул сумманы көтөрө албайт. Ошондуктан биз “Газпром” жана өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, үч-төрт жылга тарифти жайып ийсекпи деген ой болуп жатат. Бул бир вариант. Башка варианттарды да карап жатабыз», — дейт мэрдин милдетин аткаруучу.
Бишкек «абасы булганганы боюнча» рейтингде дүйнөдөгү бардык шаарлардын арасынан бир нече жолу биринчи орунга көтөрүлгөн. Бийлик Бишкекте абанын булганып жатканына негизги себептердин бири катары транспорттордон чыккан пайдаланып бүткөн газдарды атаган.
Аны менен катар кышкысын абанын сапатын жеке сектордо жашаган жана үйлөрүн көмүр менен жылыткан адамдар бузушат. Аба кечки маал өзгөчө начар — бул убакта адамдар автоунаалары менен үйлөрүнө кайтышат жана өз үйлөрүн көмүр менен от жагып жылытышат.
Экологдор болсо көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБдин чыгындылары абанын сапатына таасир берет дешет. Бирок бийлик жылуулук борборлорунда катуу бөлүкчөлөрдү 97% тазалаган күчтүү чыпкалар орнотулган деп айтып келет.
2020-жылдын ноябрь айынын башында фотограф Павел Исаенко Бишкектин түндүк бөлүгүн каптаган кара түтүндүн бир нече сүрөтүн жарыялаган. Ал мындай кою түтүндү бир гана Бишкек ЖЭБи менен жеке үйлөрдөн чыккан түтүн пайда кылышынан күмөн санаган.
Исаенконун пикиринде, шаарды гана эмес Байтик ойдуңун кошо каптаган кара түтүнгө айылдардын айланасындагы өрттөлүп жаткан айдоо аянттарынан чыккан түтүн себеп болушу мүмкүн.
2019-2020-жылдардын кыш айларында Бишкекте кара түтүнгө каршы митингдер өткөн — жүзгө чукул адам экологиялык кырдаалга өз нааразычылыктарын билдирүү үчүн Бишкектин борбордук аянтына чогулган. Ал убакта Бишкектин абасы «ден соолук көйгөйлөрүнө сезимтал адамдарга зыян» көрсөткүчүнөн «кооптуу» көрсөткүчүнө чейин өзгөрүп турган.
Анда шаар бийлиги калаада аба кооптуу экенин мойнуна алып, тургундардан бет кап кийип жүрүүнү жана аба тазалагычтарды сатып алууну суранган.
ТЕМА БОЮНЧА: