Бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Адылкан Бекболотов каза болду

Бекболотов

СССРдин спорт чебери, Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов 6-декабрда каза болду. Ал 59 жашта эле.

Жакындарынын айтымында ал 6-ноябрдан бери жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Буга чейин ага эки жолу операция жасалып, кан куюу керек болгон — соцтармактарда спорт чеберине тез арада кан керектиги боюнча жарыялар тараган.

Бекболотовду белгилүү спортчулар жана окуучулары мыкты тренер катары эскеришти.

«Биздин досубуз, бир тууганыбыз, жолдошубуз. Ал акыркы күнүнө чейин бокс менен болду. Тынч жат», — деп жазды Европа жана СССРдин бокс боюнча чемпиону Орзубек Назаров.

Анын сөөгү 8-декабрда өзү туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Түп районунда жерге берилет.

СССРдин спорт чебери

Бекболотовдун жаш кези

Бекболотов — бокс боюнча СССРдин курама командасынын мүчөсү, спорт чебери. Ал команданын курамында эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү жана өлкө чемпионаттарында бир нече байге алган.

Бокско жаңы аралаша баштаганда алгач Түп районунун, андан соң облустун чемпиону болгон. 1977-жылы спортинтернатка тапшырып, ошол эле жылы бокс боюнча республиканын чемпиону болгон.

Ал эми бир жылдан соң Ташкентте өткөн окуучулардын бүткүл союздук спартакиадасында экинчи орунду алып, СССРдин жаштар курама командасына чакырылган.

Андан соң ал Белорусия, Орусия, Чехословакия, Сирия жана Алжирде өткөн чемпионаттарга катышкан.

Кийинчерээк 2009-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасын жетектеген.

Анын окуучуларынын арасында кыргыз тарыхында бокс боюнча биринчи жолу Азия чемпиону болгон Азат Усеновдой белгилүү спорт чеберлери бар.

Бекболотов өзү боксердук карьерасында жалпысынан 350 беттешке чыгып, анын 320сында жеңишке жетишкен.

Ал Константин Цзю жана Орзубек Назаров сыяктуу белгилүү боксерлор менен беттешкен.

Үзүрлүү эмгеги үчүн ага «Дене тарбия жана спорттун эмгек сиңирген ишмери», «Бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу» наамдары ыйгарылган.

Маркум дээрлик бүт өмүрүн бокско арнаган.