«Көөдөнү кошо сокур экен». Депутатты кемсинткен комментарийге Жапаровдун тиешеси жок — Байтерек

Депутат Дастан Бекешев 3-мартта Конституциянын жаңы долбоорун кескин сынга алган. Анын пикиринде, сунушталган Баш мыйзам сөз эркиндигин чектейт, сотторду көз каранды кылат жана Башкы прокуратурага катаал чараларды колдонууга жол ачат.

Ошондой эле Бекешев президенттин жоопкерчилиги жазылбагандыгын айтып, долбоордун авторлорунун атын атап өтүүнү талап кылды.

«Силер алдап жатасыңар да. Президенттин жеке жоопкерчилиги жок, жазылган эмес. Президент оор кылмыш кылса биз кантип аларды кетиребиз. Бир гана революция жолу бар», — деген Бекешев.

Депутаттын аталган пикирин «Азаттык» үналгысы фейсбук баракчасына жарыялаган. Комментарий калтыргандардын арасында президент Садыр Жапаровдун аккаунту да болгон.

«Көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын-помощник», — деп жазылган Жапаровдун атынан.

Бул комментарий фейсбук колдонуучуларынын арасында нааразычылык жаратып, президентин дарегине түрдүү сындар айтылган.

Скрин: «Фактчек» басылмасы

Жапаровдун баракчасы фейк эмес, бирок аны «бирөөлөр бузуп киришкен»

«Фактчек» басылмасы Жапаровдун баракчасын изилдеп ал 2012-жылы ачылып, 2017-жылдын 21-мартына чейин аны саясатчы өзү алып жүргөнүн аныктады.

Жапаров 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн кайтып камакка алынгандан кийин анын баракчасынын активдүүлүгү бир кыйла түшкөн. Ал эми президенттик шайлоого үгүт иштери башталгандан тарта жандандырылган.

Мындан улам басылма Бекешевди кемсинткен комментарий Жапаровдун баракчасынан жазылганын билдирген.

Ал эми Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек өлкө башчынын фейсбук баракчасын «бирөөлөр бузуп киргенин» айтып, президенттин атынан жазылган акыркы комментерийлерге «эч кандай тиешеси жок» деп билдирди.

«Ниети бузуктар аталган баракчадан ар кандай посттор менен комментарийлерди калтырышкан. Фейсбук баракчасына жайгаштырылган акыркы комментарийлерге Мамлекет башчысынын эч кандай тиешеси жок. Садыр Жапаров коомчулукта айтылган бардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздү эч качан айтпайт», — деди Байтерек.