Бишкектин борбордук аянтында Ак калпак күнүнүн 10 жылдыгы белгиленип жатат. Бул майрам жыл сайын Кыргызстанда 5-мартта белгиленип келген, бирок быйыл 4-мартта белгиленүүдө. Уюштуруучулар жакынкы күндөрү аба-ырайы бузула турганын эске алып, майрамдык иш-чараны бир күн эрте өткөрүүнү чечишкен.
«Улуттук намыс» тобунун жетекчиси жана иш-чаранын уюштуруучусу Элнура Кулуеванын айтымында, 5-мартта Бишкекте кар жаашы күтүлүп жаткандыктан борбордук аянтка келе турган балдарга «суук тийип калышы мүмкүн».
Ак калпак күнү 2011-жылдан бери жыл сайын белгиленет. Бул күнү бүткүл өлкө боюнча улуттук баш кийимди кийген көптөгөн эркектерди (а түгүл кыз-келиндерди да) көрсө болот.
Ак калпак күнүн майрамдоонун башкы максаты — «улуттук баш кийимди майрамдарда гана эмес, күнүмдүк турмушта деле кийип жүрүү».
Калпакты мырзалар костюм-шым менен да айкалыштыра кийип жүрүшөт.
Көчмөн кыргыздарда калпак жөн гана баш кийим эмес, коммуникациянын чыныгы каражаты да болгон. Анын түсү жана кыюусу аркылуу адамдын жаш-курагын, макамын, үй-бүлөлүк абалын да билсе болор эле.