Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип эки селсаяк кармалды

Шектүүлөр

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери «Киши өлтүрүүгө» шектеп эки селсаякты кармады. Бул тууралуу Ленин РИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-мартта Чуйков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жанында белгисиз адамдын сөөгү табылып, ал жерге милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн.

«Соттук-медициналык эксперттер менен биргеликте жүргүзүлгөн сырткы кароо учурунда маркумдун башында жана чекесинде жаракат аныкталган», — деп берилет Ленин РИИБнин билдирүүсүндө.

Бул окуя боюнча Биринчи май РИИБи «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Ал эми шектүүлөр Ленин РИИБнин «Селсаяк» аталыштагы рейди учурунда колго түшкөн — алар 34 жана 26 жашта.

Учурда эки шектүү Биринчи май РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.