Экс-мэр Мелис Мырзакматов Ошто шайлоо таза өтпөйт деген ойдо

Мелис Мырзакматов. Сүрөт Адыл Акжол уулунун видеосунан скриншот кылып алынды

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов 13-мартта блогер Адыл Акжол уулуна маек курду. Анда ал өлкөдөгү саясий кырдаалга жана жергиликтүү кеңештерде өтчү шайлоолор боюнча оюн билдирди. Ошондой эле азык-түлүк кымбаттаганына да токтолду.

«Өлкө жоголуп кетүү коркунучунда»

Мырзакматов постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен «эң артта калган жана көз карандысыздыгын жоготуп бараткан» мамлекет деп Кыргызстанды атады.

«Жер алдындагы ресурстарыбыздын 80 пайызы, жер үстүндөгү болгон ресуртарыбыздын 80ден ашык пайызы биздики эмес. Бул мамлекетти мамлекет деп атоого болобу? Жок, бул колония», — дейт ал.

Экс-мэр өлкө мындай абалга кептелүүсүнө «жарма патриоттор», «жарма революционерлер» жана «жарма демократтар» себепчи деп эсептейт. Ал «чыккынчылар» тышкы жана ички саясатты «туура эмес жүргүзүп, элди туура эмес жолго багыттаган» деди.


«Ар дайым, калкты жалган маалымат менен камсыздап, элдин башын айландырып келишкен. Бүгүн да ошондой процесстер жүрүп жатат», — деди Мырзакматов.


Ошондой эле Мырзакматов коом «ооруп калганын» айтып, аны дарылоо үчүн «мамлекетти кайра куруу керек» деген пикирди.

«Биздин коомго, улутубузга абдан оор, жаман ооруну жугузуп коюшту [ыктымал бийиктегилер]. Эми аны биз туура сүйлөп, туура багытта дарылашыбыз керек. Биздин мамлекетибиз бул сөлөкөтүбуз гана. А ичибиз көңдөй болуп калды. Ушуга жеткирдик. Оорулуу коомдо чындыкты айтуунун өзү коркунучтуу», — деди ал.

«Ошто шайлоо таза өтпөйт»

Мырзакматов Ошто шайлоо таза өтпөйт деген ойдо. Ал муну «Ошто админресурс жана саясий куугунтук көп болоору» менен түшүндүрдү.

«Бишкекте Оштогудай жумушунан айдап салуу, саясий куугунтук кылуу, түнү үйүнөн ойготуп “сен мобул партияда экенсиң, чык” дегендер жок. Ташиевдин, Мамытовдун, Жапаровдун, Зулушевдин атын саткан жетим жүгүрүктөр жок. Ошто бар. Ушуларды тыйыш керек. А Оштогу шайлоо таза өтпөйт», — деди ал.

Мырзакматов ага жеткен маалыматтар боюнча атайын кызматтын башчысы партия түзгөн болушу мүмкүн деп кыйытып өттү. Бирок ал так кайсы партия тууралуу сөз болуп жатканын ачыктаган жок.


«Жогорудагылар бийликтегилердин атын гана сатып жатат деп үмүт кылалы. Бирок мага көптөгөн маалымат келип жатат. Эгер булар чынында партия түзүп киришип жаткан болсо… Кыргызстандын тарыхында атайын кызматтын башчысы партия түзгөн эмес [...] Башкы прокурор партия түптөгөн эмес. Булар эмне максатты көздөп жатышат түшүнбөдүм», — деди Мырзакматов.


Мурдагы мэр «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы тууралуу сөз кылып жаткан болушу мүмкүн. Коомчулукта партия УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге таандык деген маалыматтар тараган. Ошондой эле Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев аталган партия менен Жалал-Абад шаардык кеңешине аттанды.

*Юстиция министрлигинин сайтында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн. БШКнын маалыматы боюнча Маткеримов 40 жашта, 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган. Ал ошодой эле 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Камчыбек Ташиевдин кичи мекени да Барпы айылы. Ал эми октябрдагы парламенттик шайлоодо ал «Мекенчилден» талапкер болгон.

Ош шаардык кеңешине учурда тогуз партия ат салышууда. Анын ичинде Мырзакматов өзү түптөгөн «Улуттар биримдиги» партиясы да бар.

«Кымбатчылык дагы он жылга созулат»

Мурдагы мэр өлкөдө азык-түлүк кымбаттаганына да токтолду. Ал кымбатчылык дагы 10 жылдарга созулат деп, эл эгин эгип үлүш жерлерин иштетиши керек дейт.

«Бийликтегилердин күнөөсү жок, бирок болгон чараларды көрүшү керек. Жакын арада азык-түлүккө болгон баа арзандайт деп үмүт кылбагыла. Бул он жылдап созулат. Эгер беш жылда бүтсө анда бул чоң жетишкендик. Биз гектарлап жаткан жерлерди иштетишибиз керек», — деди ал.

Мырзакматов тууралуу

Мырзакматов Ош шаарын 2009-2013-жылдарда жетектеп турган. 2014-жылы болсо шаардагы эстакадалык көпүрөнү салууда кызматтык «ыйгарым укутарынан аша чапкандыгы үчүн» ага каршы кылмыш иши козголгон.

Бул окуядан соң Мырзакматов Түркияга чыгып кеткен эле. Анда, 2015-жылы, сот аны сыртынан 7 жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктар учурунда Мырзакматов Ош шаарына учуп келген. Аны калаанын борбордук аянтында миңдеген тарапташтары күтүп алган.

Кийинчерээк Мырзакматов журналисттерге маек куруп, «түштүк региондорунда тынчтыкты орнотууга көмөк көрсөтүү» үчү келгенин айткан.

Аны ишке ашыруу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөнүн билдирген. Ошондой эле депутаттар Искендер Матраимов жана Асылбек Жээнбеков менен жолукканын ачыктаган.

Ал мамлекеттик кызматка барбай турганын билдирип, Түркияга кайтып кетээрин айткан болчу. Ошондой эле ал Жогорку сот анын иши боюнча чыккан токтомдорду жокко чыгарып, иши кайра тергелээрин айткан.