Оштогу Бабур театрын Өзбекстан капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрөт

Бабур атындагы драма театрынын ичи. Сүрөт: Хамидулло Узаков/ Кloop.kg

Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театры 100 жылдыгына карата капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Ремонт иштерин Өзбекстан каржылайт. Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында кабыл алынган.

Ошондой эле, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев 29-мартта Ош шаарына болгон иш-сапарында Бабур драма театрынын жамааты менен жолугушту.

«Министр 2021-жылы белгилене турган Бабур театрынын 100 жылдык юбилейин жогорку деңгээлде өткөрүү маселесин уюштуруучу топ менен талкуулады. Учурда театрда оңдоп-түзөө иштери башталды», — деп билдиришти ведомстводон.

Бабур драма театры тууралуу

Бабур атындагы драма театры Орто Азияда эң байыркы театрлардын бири. Театр 1918-жылы Рахмонберди Мадазимовдун жетектөөсү астында театр ийрим катары ачылган. Ал эми 1937-жылы театрга саясатчы Сергей Кировдун аты коюлуп, толугу менен «театр» наамын алган.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин 1992-жылы театрга өзбек акыны Захир-ад-дин Мухаммад Бабурдун аты коюлган. Театр 480 көрүүчүгө ылайыкталган.

Театрдын жамааты бир гана Кыргызстандын түштүгүндө эмес, Өзбекстан, Москвага чейин гастролдошкон. Алар өлкөдө элди руханий жактан азыктандырган алгачкы маданий ишмерлер болушкан.

Театрдын 100 жылдыгы 2018-жылдын октябрь айында белгиленмек. Үч жыл мурун театр оңдоого муктаж болгондуктан маараке жылдырылган.

Тема боюнча:

Сүрөт баян: 100 жылдык тарыхы бар Оштогу Бабур драма театры