Сооронкулова БШКнын шайлоо протоколдорун жарыялабай жатканы шек жаратарын айтты

«Реформа» партиясынын жетекчиси Клара Сооронкулова 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыктары боюнча протоколдор жарыяланбаганына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына ачык кайрылуу жасады.

Сооронкулова түшүндүргөндөй, «Референдум жөнүндө» мыйзам боюнча шайлоо жыйынтыктарынын протоколу, референдумдун катышуучулары жөнүндө алгачкы жана соңку дүмүрчөктөрү мөөр менен басылып, БШКнын серверине жиберилет. Бул документтер текшерүүдөн өткөндөн кийин комиссиянын сайтына жайгаштырылат.

Бирок, «Реформанын» жетекчисинин айтымында, БШКнын сайтында бул документтер жайгаштырылган эмес.

«Мындай кырдаал фальсификация болушу ыктымал деген жүйөлүү ойго жетелейт», — деп Сооронкулова БШКны протоколдорду жарыялоого чакырды.

БШКнын алдын ала берилген маалыматтарына караганда, Конституцияны өзгөртүүгө шайлоочулардын 79,3%ы макул, ал эми 13,6%ы каршы добуш берген. Шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 35,9%ы келген. Жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен чогуу бир күндө өткөн Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда ар кайсы уюмдар шайлоо өнөктүгүндө көптөгөн мыйзам бузууларды катташкан. «Жалпы иш» фондунун байкоочулары шайлоо күнү Бишкекте 65, Ошто 36 мыйзам бузууну каттаган.

«Клооптун» байкоочулары да добуш берүү күнүндө шайлоо участкаларында мыйзам бузуулардын баарын каттап жатышкан. Реалдуу убакыт режиминде жаңыланып жаткан дашборддун маалыматы боюнча, шайлоо күнү байкоочулар 800дөн ашуун мыйзам бузууну катташты. Алардын ичинен 300ү шайлоо жүрүп жаткан кезде болгон.

Шайлоо участкаларында көбүнчө Автоматташтырылган электрондук эсептөөчү урналар (АСУ) иштен чыккан учурлар абдан көп болгон.

Тема боюнча: Шайлоо-2021. Шаардык кеңештерди шайлоонун жыйынтыгы — түз эфир