Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турат. Алдын ала маалыматка караганда эки тараптан тең таштан жараат алып, ооруканага жеткирилгендер бар.
Ошондой эле, 29-апрелге караган түнү ок атуучу куралдан жарадар болгон кыргызстандыктар бар экени айтылды — алардын бирөө көзүнө ок жеп ооруканага түшкөн.
Эмне болду?
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 28-апрель күнү суу бөлүштүрүүчү жайда тажик тарап электр мамыларына үч видео камераны орното баштаган. Кыргызстандын аскерлери алардан бул ишти токтотууну талап кылышкан.
Ал эми түшкү саат 12:25тер чамасында «тажик тарап мергенчи мылтыктан ок чыгарган». Кийинчерээк эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, бирок андан майнап чыккан эмес.
Натыйжада тилкеге жакын жашаган кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосунда чыр чыккан — Кыргызстандын Көк-Таш айылынын жана Тажикстандын Хожаи-Аъло айылынын 100-150гө чукул тургуну бири-бирине таш ыргытышкан.
Ошол эле учурда соцтармакта окуя болгон жерден тартылган бир нече сүрөт-видеолор жана аудиолор тарады.
Тасмалардын биринде кыргызстандык тургун чек арадагы абалды Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге жеткирип койгула деп айтканын угууга болот.
«Мына Марипов алдырдык деген суунун башы — Кайырма каналы. Ушул жерде кыргыз тажик урушуп жатат. Жеткиргиле Жапаров менен Ташиевге. Тажиктерди көрдүңөрбү, наркы бетте. Мына буга Марипов жооп берсин», — деген ал.
Таш ыргытуулардын кесепетинен үч кыргызстандык — Көк-Таш айылынын эки тургуну жана Самаркандек айылынын бир тургуну ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Ал эми «Озоди» басылмасы чырдан 15 тажикстандык жабыркаганын жазды.
Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрдүн жетекчилери «Кызыл-Бел» жана «Гулистон» чек ара көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы бейтарап жайда жолугушуп, сүйлөшкөн. Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү 28-апрель түнкү саат 23:50гө карата таш ыргытуулар токтоп, абал «салыштырмалуу турукташканын» бирдиришти.
Ал эми чек ара кызматы 29-апрелге караган түнү абал курчуганын кабарлады. Ведомство Баткен районунун Кочо-Бою тилкесинде Тажикстандын жарандары кыргызстандыктардын үйлөрүнө таш ыргытып, унааларга ок чыгарганын билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, ок атуудан жарадар болгондор бар.
«Тажик тараптан ок атуулар мезгил-мезгили менен уланууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон. Тажикстандын чек ара кызматынын жетекчилиги менен байланышка чыгуу аракеттеринен майнап чыккан жок, чалуулар жоопсуз калууда», — деп билдиришти чек ара кызматынан.
Баткен облустук милициясы тажик тараптан ок атуулар болгонун тастыктап, Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, ооруканага түшкөнүн кабарлады. Укук коргоо органдары окуялар боюнча «Массалык башаламандык», «Ээнбаштык» жана «Киши өлтүрүүгө аракеттенүү» беренелери менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.
19-апрелде «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Анда 50гө чукул тажикстандык Баткен облустук суу чарба ишканасынын кызматкерлери Ак-Суу дарыясынын башкы суу бөлүштүрүүчү жайында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүсүнө каршылык көрсөтүшкөн.
Окуядан кийин эки өлкөнүн күч органдары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүлүп, сүйлөшүүлөрдүн найтыжасында «Головнойдогу» иш-чаралар убактылуу токтотулган.
«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт.
1991-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат. 2014-жылы сууну бөлүштүрүүдө эки өлкөнүн жашоочуларынын ортосунда чыр чыгып, жаңжал ок атышуу менен коштолгон. Мындан улам суу сактагыч Кыргызстандын ИИМи тарабынан кайтарууга алынган.
Мариповдун билдирүүсү
Премьер-министр Улукбек Марипов 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Төрткүл суу сактагычына куйган каналдын башы Тажикстанга өтүп кеткенин билдирген.
Бул билдирүү жергиликтүү тургундар арасында нааразычылык жараткан. Ал эми Баткен облусунун тургундары Мариповдун айткандары боюнча расмий түшүндүрмө берүүсүн талап кылган.
Анын эртеси күнү, 4-февралда, өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү Төрткүл суу сактагычына кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү болгонун билдирген.
Анткен менен 5-февралда жүздөгөн киши өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдында нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Алар Марипов жаңылышып алганын мойнуна алып, кечирим сурашын талап кылышкан.
Ал эми премьер-министр 7-февралдагы кайрылуусунда Тажикстанга «Головной» каналы эмес «500-600 метр жогору турган кошуна өлкөгө тиешелүү» Кайырма каналы тууралуу сөз болгон деп тактоо киргизди.
Бирок 8-февралда өкмөт үйүнүн алдында Мариповдун кайрылуусу боюнча митинг өттү. «Чек араны көзөмөлдөө» бирикмесинин активисттери Мариповдун акыркы билдирүүсү «жетишсиз» болгонун айтышып, кечирим суроосун талап кылышкан.
Ошондой эле, Тажикстандын ТИМи кыргыз саясатчыларына кайрылып, тажик-кыргыз чек аралары тууралуу билдирүү жасаганда «этият болууга» чакырган.
Кийинчерээк өкмөт Төрткүл суу сактагычын «маанилүү стратегиялык объектилер» категориясынан «өтө маанилүү стратегиялык объектилердин» тизмесине киргизүү маселеси каралып жатканын билдирген.