Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр, жылуулук жана ысык суунун тарифтерин жогорулатууну сунуштап жатат. Ага ылайык, 15-июнда ведомство 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыз кылууга орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Электрге жана ысык сууга болгон жаңы тариф
Жаңы тарифтер муниципалдык жана жеке менчик жылылуук станциялары менен отканалар өндүргөн жылуулук энергиясы менен ысык сууга жайылтылат.
«Акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына болгон тарифтердин көптөн бери өзгөртүлбөй, өздүк нарктан төмөнкү деңгээлде белгиленип келиши жыл сайын каражаттын тартыштыгына жана кайчылаш субсидиялоонун көбөйүшүнө алып келген. Жылуулук менен камсыздоо чөйрөсүндөгү жабдуулардын өтө эскирип кетүүсү ушул иштердин натыйжасы болуп саналат», — деп айтылат документте.
Маалымкат-негиздемеде мындай тарифтер эски жабдууларды жаңыларына алмаштыруу зарылдыгы келип чыкканына байланыштуу бекитилгенин, бул өз кезегинде кошумча финансылык каражаттарды талап кылаары кабарланат.
«Жылуулук тармактары өздөрүнүн ченемдик иштөө мөөнөтүнөн 2-3 эсе ашык иштегендиктен, жылуулук энергиясын чоң жоготууларга алып келип турган.[...] Ошентип, жогорудагы жагдайларды эске алуу менен, тарифтер жылуулук энергиясын өндүрүүгө жана бөлүштүрүүгө кеткен өздүк наркын жаба албай тургандыгын белгилей кетүү керек», — деп айтылат документте.
Электр энергиясына болгон тариф эки эсе көтөрүлүшү мүмкүн
Мыйзам долбоорунун авторлору белдиришкендей, божомолдорго ылайык, 2021-жылы электр энергиясы 3 млрд кВт/с чейин таңкыс болушу күтүлүүдө. Алардын айтымында, буга Токтогул суу сактагычында суунун деңгээлинин азайып кетиши жана электр энергиясын керектөө жыл сайын өсүп жатышы алып келген.
Дал ушул себептен энергетика министрлиги бир катар антикризистик чараларды, анын ичинде тарифтик саясатты өзгөртүүнү иштеп чыкканы белгиленет.
«Мындай шарттарда кошумча чыгымдарды жабуунун мүмкүндүгүнүн жоктугун чечүү электрэнергиясына адекваттуу тарифтик саясатты жүргүзүүсүз мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу орто мөөнөттүү келечекте электр энергиясынын наркын тариф менен жабууга жетишүүгө мүмкүндүк берген теңдештирилген тарифтик саясатты жүргүзүү зарыл», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.
Калк үчүн тарифтерди «электр энергиясы үчүн эсептерге төлөөдө калктын күтүлбөгөн экономикалык кыйынчылыктарга туш болуусун болтурбоо максатында» акырындык менен көтөрүү сунушталууда.
Ошентип, калкка 1 кВт/с электр энергиясы үчүн 1,09 сомду түзгөн бирдиктүү тарифти бекитүү сунушталууда. Азыркы тарифтер боюнча кыргызстандыктан 0,77 тыйын төлөшөт. Эгерде 700 кВт/с деп коюлган чектөдөн ашса, анда элект энергиясынын баасы 2,16 сомду түзө баштайт.
«Бийик тоолуу райондордун жашоочуларына кышкысын да, жайкысын да электр энергиясын керектөө боюнча чектөөлөр коюлбайт. Негизги калк үчүн кышкы мезгилде суу тартыш болуп атканына байланыштуу 1 миң кВт/с чектөөнү калтыруу сунушталууда», — деп билдирген энергетика министри Доскул Бекмурзаев 15-июнда.
Ал эми 2023-жылы калк үчүн тарифти 1,48 сомго чейин көтөрүү сунушталып жатат. Андан ары тариф инфляцияга жараша тизгинделет.
Калкты ичүүчү жана сугат суу менен камсыздаган насостук станциялар жана скважиналар үчүн 1,09 сомдун айланасындагы тариф сунушталып жатат.
Интернаттар, майыптар жана карылар үчүн социалдык обьектилер, ошондой эле диний мекемелер 2021-жылы 1 кВт/с үчүн салыктарды эсепке албаганда 1,68 сом төлөшөт.
Ал эми бизнес, бюджеттик уюмдар жана айыл чарбасына энергетика министрлиги 1 кВт/с үчүн 5,52 сом төлөөнү сунуштайт.
Тезек терүү жана керосин чырак
Октябрь окуясынан кийин 2020-жылдын декарында тарифтерди көтөрүү маселеси дароо жаралган. Жеңилдетилген тарифти калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн калтыруу сунушталган, ал эми «калган колдонуучулар рыноктун режиминде» жашашы керек. Ошол эле кезде электр энергиясы бери эле дегенде жакынкы жылда үзгүлтүксүз берилерин кыргызстандыктарга убадалай алышкан эмес.
2021-жылдын февралында Улукбек Марипов (ошол кезде өкмөт башчысы, учурда министрлер кабинетинин төрагасы) электр энергиясынын тарифи кайра караларын билдирген. Анын айтымында, өкмөттүн токтомуна ылайык, электр энергиясынын тарифи жыл сайын 10%га көтөрүлүп турушу керек.
Арадан эки ай өткөн соң, апрелдин аягында, тарифтерди көтөрүү керектигин президент Садыр Жапаров дагы айтып чыккан. Ал фейсбуктагы барагында «2025-жылга дейре энергетикалык кризистен чыгуу үчүн» электрдин тарифин көтөрүүнү демилгелеген.
Бирок бардык керектөөчүлөр үчүн эмес: Жапаров үй-бүлөлөрдү «жашоо-турмушу “Кудайга шүгүр”» жана «аз камсыз болгондорго» бөлүп, «жашоо-турмушу “Кудайга шүгүр” үй-бүлөлөргө» кышкы мезгилде тарифти 1000 кВт/с керектөө үчүн 2,29 тыйын деп бекитүүнү сунуштаган.
Кийин Садыр Жапаров дагы бир жолу тарифтерди көтөрүү керектигин айтып чыккан, бул ирет ал тарифти көтөрүү маселесин «Пирамида» телеканалына курган маегинде билдирген. Президент эгер тарифтер көтөрүлбөсө энергетикалык тармактын объектилери көтөрө албай, эл электр энергиясы жок калып, «тезек термей, чырак жакмай» деген жашоого түшүп каларын айткан.
Президенттин тезек терүү боюнча айткандары социалдык тармактарда коомчулуктун нааразылыгын жараткан. Кыргызстандыктарга отундун ушул түрүн чогултууну тактан кулатылган президент Курманбек Бакиев 2008-2009-жылдардагы энергетикалык кризис мезгилинде сунуштаган болчу.
Кыргызстандагы энергетикалык кризис
2020-жылдын августунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков да республикада электр энергиясы тартыш болорун айткан. Ошол убакта Кыргызстанга Токтогул суу сактагычында 2,4 млрд кубометр суу тартыш болчу.
Ошентсе да мурдагы бийлик калктын электр энергиясын колдонуусуна чектөө киргизбей турганын убадалаган. Бийлик суу сактагычтагы суунун тартыштыгын бир нече жылга созула турган суунун тартылуу мезгили менен байланыштырган.
2020-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз болгонуна байланыштуу, Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан сатып алууга мажбур болгон.
Бирок 2020-жылдын октябрь айында өлкөдө бийлик алмашып, кышкы суук башталганда жарык өчүрүүлөр боло турганы белгилүү болгон: электр энергиясын колдонуу жогорулагандыктан көмөк чордондорго күч келип, жарык автоматтык түрдө өчүп калышы мүмкүн. Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга чакырган.
Алар маал-маалы менен өчүрүү болбой турганын убада кылып, үйдү жылытуу үчүн газ жана көмүр жагып, электр жарыгын үнөмдөөгө чакырган.
2021-жылдын жазында Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларана чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.
Тема боюнча: Кургакчылык. Суунун бир бөлүгү Казакстан менен Өзбекстанга электрдин акысына берилип жатат
Алгачкы агызуулар 1-июнда башталган. Ошол эле мезгилде, фермерлер жана айыл-чарба министрлиги өлкө кургакчылыктын чегине жетип калганын, Чүй облусунда түшүмдөн кол жууп калуу коркунучу пайда болгонун айтышууда. Суу жетишсиздигинен улам Бишкек шаарында дагы сугат суусунун тартыштыгы жаралган.
Азыр Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү — 10,9 млрд кубометри түзөт. Кыш-күз мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн сентябрдын башына чейин 17 млрд кубометрден кем эмес суу топтолушу керек.