Жогорку Кеңештин 28-июлунда өткөн жыйында «парламентке 4чү депутат аял болсун» деген квота киргизүү сунушу колдоо тапты. Мындай сунушту депутат Аманкул Токтомамбетов берген. Ал эми мыйзам долбоорунун авторлорунун бири депутат Алтынбек Сулайманов буга каршы чыгып, эл өкүлдөрү чырдаша кетти.
«Мен чын эле сыйлайм аялзатын, бирок ар бир депутаттын 2чисин аял кылсак анда парламент болбой эле, “Кыз-Бурак” ансамбли болуп калат да», — деп аялдарды шылдыңдады Токтомамбетов.
*«Кыз-Бурак» — 1977-жылы жалаң кыздардан куралган вокалдык-инструменталдык ансамбль. Аны эмгек сиңирген артист Гүлшайыр Садыбакасова незидеп, көп жылдар бою жетектеген. Топту учурда Садыбакасованын кызы Сайкал Садыбакасова башкарып келет.
Ага жооп катары депутат Кожобек Рыспаев аял депутаттар эркек депутаттарга караганда жоопкерчиликтүү жана убадага туруктуу болоорун айтты. Ошондой эле депутат Айсулуу Мамашова квотаны өзгөртүүгө каршылыгын билдирип, «социалдык маселелерди ар дайым аял депутаттар көтөрөт» деди.
«Сиздер мындай маселелерди көтөрбөйсүздөр. Анткени бириң да баштабайсыңар, биз аялдар чогулуп баштайбыз. Айзаданын окуясына чейин мен бир да көргөн эмесмин. Андан кийин гана ойгоно баштадыңар. Биз болсо аягына чыгарабыз», — деди Мамашова.
Аталган сунуш комитетте колдоо тапкан. Мындан улам депутаттарда кайчы пикир жаралгандыктан, спикер Талант Мамытов өзүнчө добушка коюуну сунуштады. Бирок, Сулайманов Токтомамбетовдон сунушту кайра артка чакыртып алууну суранды.
Токтомамбетов менен Сулаймановдун ортосунда кайым айтышуу орун алып, бир топ депутаттар аларды арачалап калды. Токтомамбетов микрофонго келип, бирок квота боюнча сунушун артка чакыртып алуу тууралуу сөз айткан эмес. Буга ачууланган Сулайманов анын сунушу «эч нерсе чечпейт» деди.
«Биз каалайбызбы-каалабайбызбы мандаттын 30%ы аялдарга берилет. Ошон үчүн азыр мына мыйзамды жөн эле “эме” кылбаңыздар. Аял 4чүбү же 5чиби 30% квота менен баары бир камсыздалат. Бул эч кандай эч нерсеге таасирин тийгизбейт, жанатан бери кудайдын зарын кылып [артка чакыртууну — ред.] сурандык болбоду. Добуш бериңиздер өткөрүп таштайлы, ошо менен болду», — деди Сулайманов.
*Мыйзам боюнча парламентте аял депутаттар 30% болушу керек. Бул норма 2007-жылы кабыл алынган. Башкача айтканда азыркы мыйзам боюнча 120 депутаттын 36сы аял болушу кажет. Анткен менен аталган квота буга чейин сакталган эмес. 2018-2019-жылдары парламентте 20 депутат аял болгон.
Шайлоо мыйзамы тууралуу
28-июлда Жогорку Кеңеш «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү үчүнчү окууда кабыл алган — аны 107 депутат колдоп, экөө каршы добуш берген.
Аталган мыйзам долбооруна ылайык, депутаттардын саны 90го кыскарды. Ошондой эле, парламентте бир мандаттуу шайлоо округунан 36 депутат жана партиялык тизме менен 54 депутат болот. Мындан сырктары, партиялар үчүн шайлоо босогосу дагы 5%га өзгөртүлгөн.
Мыйзам күчүнө кириш үчүн президент кол коюуга тийиш. Буга чейин президент Садыр Жапаров шайлоо 2021-жылдын октябрь айында өтөрүн айткан. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова болсо 28-июлдагы жыйында шайлоо ноябрь айынын аягында өтүшү мүмкүн деди.