«Кумтөр» иши. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков сурак берди

Сооронбай Жээнбеков

УКМКнын басма сөз кызматы «Кумтөр» долбооруна байланышкан кылмыш иши боюнча экс-президент Сооронбай Жээнбеков сурак бергенин билдирди.

Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, Жээнбековду «кылмыш ишиндеги маанилүү делген окуялар боюнча» күбө катары суракка алышкан. Анткени ал 2017-жылы өлкөнүн премьер-министри кызматын аркалаган.

«Айрым бир жогорку кызмат адамдарынын тергөө аныктаган кылмыштуу иш-аракеттерин ар тараптан, акыйкат, дыкат иликтөө максатында тиешелүү тергөө жана ыкчам-издөө амалдары жүрүп жатат», — деп белгилешти УКМКдан.

Коопсуздук комитети Жээнбековдун катышуусундагы тергөө амалдары уланып жатканын кошумчалашты.

«Тергөөдө күнөөсү далилденген кылмыш ишинин бардык фигуранттарынын иш-аракеттерин тергөөнүн жыйынтыгында, ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине жана артыкчылыктарына карабай акыйкат юридикалык баа берилет». — деп баса белгиледи УКМК.

«Кумтөр» боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт иш сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирген. Бир иш «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилигине байланыштуу, калган үч иш ошол маалда жооптуу кызматтарды ээлеген кишилердин кызматтык кылмыштары.

Кийинчерээк бир катар чуулуу сурактар, саясатчыларды жана депутаттарды кармоо жүргүзүлгөн: алар «Кумтөр» кенин казуу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат. Негизинен, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек узакбаев кармалган. Андан сырткары бир катар депутаттар, анын ичинде Асылбек Жээнбеков кармалган.

Асылбек Жээнбеков

Кармалган айрым саясатчылар тергөө менен кызматташууга макулдугун билдирип, үй камагына же эч жакка тил катынын негизинде бошонуп чыгышкан. Экс-депутат Узакбаевди сот Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупция иши боюнча күнөөлүү деп таап, 300 миң сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирген.

Андан тышкары, Кыргызстандын экинчи качкын президенти Курманбек Бакиев жана анын уулу Максимге издөө жарыяланган.

Курманбек Бакиев

Кумтөр кенине байланышкан төрт кылмыш ишин иликтеп жаткан Улуттук коопсуздук комитети 11-августта тергөөнүн алдын-ала жыйынтыгын жарыялаган. Тергөө далилдерди чогултуп Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан келишимдерди түзүүдө, түрдүү толуктоо жана түзөтүүлөрдү киргизүүдө «“Камеко” жана Centerra Gold компаниялары менен кызматташкан жылдары толугу менен масштабдуу коррупцияга жол берилген деген негиздүү жыйынтыкка» келген.

Иштин үч эпизоду боюнча биринчи качкын президент Аскар Акаев сыртынан кылмыш жообуна тартылган. Ал 16 жыл өлкө сыртында качып жүрүп, 2-августта келип Кумтөр боюнча көрсөтмө берген. 8-августта болсо кайра Москвага учуп кеткен.

Аскар Акаев

Улуттук коопсуздук комитеттин маалыматына караганда, 1992-2009-жылдардын эпизоду боюнча тергөө жыйынтыктоочу этапка жетти.

УКМК «Кумтөр» боюнча андан кийинки макулдашуулар жана 2017-жылдагы Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча тергөө уланып жатканын кошумчалаган.