Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында коло медалды багындырды

Айпери Медет кызы

Спортчу Айпери Медет кызы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медалды багындырды. Ал 3-орун үчүн беттеште украиналык Анастасия Шустованы 12:1 эсебинде жеңди.

Медет кызы беттешин 76 килограмм салмак категориясында 5-октябрь күнү баштаган. Ал Болгария жана Орусиянын спортчуларын 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда ал Европа чемпиону, 2019-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, эстониялык Эпп Мияеге 3:3 эсебинде жеңилген. Медет кызы акыркы секунддарда чабуулду өткөрүп жиберип, атаандашы жеңишти алып кеткен.

Ал эми 6-октябрь күнү ал коло байге үчүн күрөшүп жеңишке жетти. Ушуну менен бул жолку чемпионатта Кыргызстандын куржуну төртүнчү медаль менен толукталды. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло медаль уткан.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага жалпы 15 кыргыз спортчусу катышып жатат.

Айпери Медет кызы

Спортчу 22 жашта, 2017-жылы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону болгон. Ал 2015-жылы эркин күрөш боюнча жаш кыздар арасында Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынып, бир жылдан соң ушул эле чемпионатта алтын байгени багындырган.

Ал эми 2016-жылы ал Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болгон. Кыз-келиндер арасындагы Азия чемпионатында болсо эки жолу күмүш медаль тагынып, 2019-жылдагы Дүйнө чемпионатында 23 жашка чейинки кыздар арасында коло медалга ээ болгон.

2020-жылдагы Дүйнөлүк кубокто 3-орунду багындырып, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында 5-орунду ээлеген.