«Сарыбашовго үгүттөгөн». Ош улуттук драма театрынын бөлүм башчысы иштен алынды

Суранчы Жетимишов

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм-адабий бөлүмүнүн башчысы Суранчы Жетимишов «талапкерге үгүт кылганы үчүн» кызматынан кетти. Бул тууралуу 19-ноябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Жаныкулов билдирди.

«Бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн чыгып, ушул талапкердин жолугушууларына тууралуу сөздөрдү сүйлөп, элди ошого шайлоого үгүттөп жүргөн. Ал жумушунан кетти», — деди Жаныкулов.

Ошондой эле ал бул факты боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине эскертүү берилгенин кошумчалады.

Жаныкулов Жетимишов кайсы талапкерге үгүттөгөнүн ачыктаган жок. Бирок Оштун экс-мэри, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Таалайбек Сарыбашовдун үгүт ролигинде Суранчы Жетимишовду көрүүгө болот. Анда драма театрдын бөлүм башчысы Сарыбашовду колдоп сүйлөгөн.

Буга чейин, 5-ноябрда, «Ош Пресс Клуб» тайпасына Ош мэриясынын расмий баракчасынан Таалайбек Сарыбашовдун үгүт материалы бөлүшүлүп кеткен. Анда мэриядан кызматкерлердин буга тиешеси жок экенин билдиришкен.

Ал эми мурдагы басма сөз катчы, учурда Сарыбашовдун үгүт штабында иштеп жаткан Азамат Абсаттаров үгүт материалды «ал байкабастан бөлүшүп алышы мүмкүн» деп билдирген.

Бул окуя Ош мэриясынын басма сөз катчысы Керимбек Калыкуловдун кызматтан кетүүсүн шарттаган. Ал эми Ош АШКсы бул иш иликтенээрин жана күнөөлүүлөр жазасын алат деп убадалаган.

«Ата-Журт Кыргызстан» жана Сарыбашов

Таалайбек Сарыбашов парламенттик шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде №5 катар санда бара жатат.

Үстүбүздөгү жылдын апрель жана июль айларында шаардык кеңешке өткөн шайлоолордо бир нече партиялар «Ата-Журт Кыргызстанды» админресурс колдонууга айыпташкан. Анда ошол кездеги мэр Таалайбек Сарыбашовдун да аты аталып, коомчулукта Сарыбашов «аталган партияны колдойт» деген кептер тараган.

Анда «Ата-Журт Кыргызстандын» талапкерлеринин дээрлик жарымы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер болгон.

Ал эми июлдагы кайра шайлоо алдында болсо президент Садыр Жапаров Сарыбашов менен жолугуп, ага «админресурска жол бербөөнү» тапшырган.

Бирок Сарыбашов 11-июлда «эки шайлоодо тең админресурс колдонулбаганын» айтып, анын «Ата-Журт Кыргызстанга» «тиешеси бар» делген маалыматты «доомат» деп атаган. Ошондой эле «депутаттар колдоп берсе» кайрадан мэр болуу ниети бар экенин айткан болчу.

Анткен менен шайлоодон кийин Сарыбашов кызматынан алынып, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бирок он күндөн кийин өз каалоосу менен кызматын тапшырып, парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирген.

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешелүү деп айтылып жүрөт. Анткени партияны анын айылдашы, «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон Айбек Маткеримов жетектейт.

Ошондой эле бул партия менен Ташиевдин уулу Тай-Мурас Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп, кийинчерээк мандатын тапшырган. Камчыбек Ташиев өзү партия ага таандык делген маалыматты четке каккан.