Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаадагы №5278 шайлоо участогунда добуш берип чыкты. Калаада 154 миңден ашуун шайлоочу катталган.
Мамбетов добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолорун жооп берди. Анын айтымында, бул ирет шайлоодо «административдик ресурс» колдонулган жок, ал эми шайлоого аралашкан жети мамлекеттик кызматкер иштен алынып, экөө кызматтан четтетилгенин билдирди. Ошондой эле Мамбетов бир нече жетекчи сөгүш алганын кошумчалады — сөгүш алгандардын арасында мэр өзү да бар.
«Админресурс колдонуп башталганда эле, жетекчилер ротация жолу менен алмашылды [...] Президент баш болуп айтып жатат “шайлоого кийгилишпегиле, админресурсту кошпогула” деп. Туура, мен дагы сөгүш алдым», — деди Мамбетов.
*Ош шаарынын мэрине Алмаз Мамбетовго жана билим берүү министри Болотбек Купешевго ОшМУ жана ОшТУнун студенттери «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына катышканы үчүн сөгүш алышкан.
Анткен менен «Клооптун» кабарчысы «Жылуулук камсыздоо», «Ош-Тазалык» жана «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканалардын жетекчилери буга чейин шаардык кеңешке «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланганын эске салды. Бирок алар Алмаз Мамбетовду мэр кылып шайлагандан кийин мандаттарын тапшырып, кайра мурдагы кызматтарына дайындалышкан.
Мамбетов болсо «Ош-Тазалыктын» башчысы Нурбек Исмаилов жана «Ош шаар суу каналды» жетектеген Дөөлөтбек Көкөчөров «чет өлкөдө болгондуктан» шайлоого аралаша алган жок деп билдирди. Ал эми «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын жетекчиси Бекмурза Эргешов анын кызматкери «Азаттык» партиясы үчүн «добуш сатып алууга» шектелгени үчүн сөгүш алган.
Мындан сырткары Мамбетов добуш сатып алуулар «айрым талапкерлер тарабынан жасалды» деп кошумчалап, шайлоодон кийин мыйзам бузгандарга «чара колдонулат» деп ишендирди.
«“Бүгүн шайлоо бүттү” деп, ошону менен мунун баары токтоп калбайт. Кечээ, мурдагы күндөрү добуш сатып алууга, админресурс колдонууга шектүүлөр кармалган. Шайлоо бүтсө дагы эртеңки күн бар, дагы териштирилет, унутулуп калынбайт. Албетте, мындан ары маалыматтар келсе буларга чара көрүлөт — сөгүш берилет, жумуштан алына тургандар алынат», — деди ал.
Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп үстүбүздөгү жылдын 26-августунда шайланган. Ал кызматына киришип жатып «шайлоону таза өткөрүү үчүн» келгенин билдирген. Ошондой эле Мамбетов бул кызматты ага президент Садыр Жапаров өзү сунуштаганын айткан.
Ал эми буга чейинки мэр Таалайбек Сарыбашов 12-августта кызматынан кетип, алгач Бишкек шаарынын мэринин м.а. болуп дайындалган. Көп өтпөй ал кызматын тапшырып, парламенттик шайлоого аттанаарын билдирген. Сарыбашов шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен катышып жатат.
Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат. Жаңы Конституция боюнча депутаттардын саны 90го чейин азайды.
Кыргызстан боюнча 3 млн 703 миң 420 шайлоочу катталды — алар партияга добуш бере ала турган шайлоочулар. Ал эми бир мандаттуу округдардан шайлоочулардын саны 3 млн 621 миң 751ди түздү.