Үгүт жана студенттер. ОшМУнун ректору иштен алынып, Оштун мэрине сөгүш жарыяланды

Оштун мэри Алмаз Мамбетов жана ОшМУнун мурдагы ректору Кудайберди Кожобеков

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайдын студенттери «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына катышканы үчүн кызматтан алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-ноябрда билдирди.

Кожобековдон сырткары ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Бактыбек Муратбаев жана үч окутуучусу да иштен бошотулду. Ошондой эле, билим берүү министри Болотбек Купешев менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

Ал эми Акылбек Жапаров бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине жана жетекчилерине кайрылып, алардын үгүт иш-чарасына катышуусунун кереги жок экенин билдирди.

«Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер», — деди Жапаров.

Ошондой эле, Минкабдын төрагасы шайлоо мыйзамын бузган Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматынан четтетилип, Исфара шаарынын мэри Чыңгызбек Рысовго сөгүш жарыяланганын кошумчалады.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, үгүт иштери башталгандан бери Борбордук шайлоо комиссиясы жана ИИМ 59 мыйзам бузуу фактыларын каттаган.

«Азаттык» партиясы жана студенттер

3-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясы үгүт иш-чарасын өткөрүп, ага 100дөн ашуун киши катышкан. Ошол эле күнү соцтармактарда иш-чарага «Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери катышып жатат» деген маалымат тараган.

Ал эми жерине барган журналист Ыдырыс Исаков жолугушууга келгендерден алар кайсы университеттин студенттери болушканын сураган. Алардын айрымдары ОшМУнун, кээ бирлери ОшТУнун студенттери болушканын тастыкташкан. Ошондой эле студенттер аларды борбордук аянтка мугалимдер жана декан алып келишкенин билдиришкен.

Ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тергөөнү баштаган. Ал эми ОшМУ эки окутуучусуна сөгүш жарыялап, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканына эскертүү берген.

Ал эми Ош ШИИБи «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, 15 студент жана сегиз мугалимден сурак алган.

«Азаттыктын» талапкери, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Ош шаарындагы үгүт иш-чарасында мыйзам бузуу болгон эмес деп билдирген.

«18 жашка толгон, паспорту бар биздин жарандар кайсы партиянын жолугушуусуна келеби, алардын программасын угабы — бул алардын конституциялык укугу. Мына ушул конституциялык укукту чектебеш керек», — деген Жолдошова.

Ошондой эле, Жолдошова үгүт иш-чарасына студенттерди мугалимдер алып келгенин аныктаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду «бирөөнүн буйругун аткарды», «туура эмес маалыматты» деп билдирген.

Анткен менен Оштун милициясы иш-чарага катышкан студенттер жашы жете элек болгонун аныктаган. Учурда тергөө иштери аяктап, сотко жиберилди.