Алмаз Мамбетов: Мени «бир партияга чуркап бер» деп жиберишкен жок

Алмаз Мамбетов

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 13-октябрда журналисттер жана активисттер менен жолукту. Анда ал мэрликке шайлоону таза өткөрүү үчүн келгенин билдирди.

«“Мэр Ошко шайлоо өткөргөнү келиптир” деген сөздөр айтылып жатат. Ооба, мен шайлоо өткөргөнү келдим! Ошо шайлоону таза өткөрөйүн деп келдим. Мени “бир партияга чуркап бер” деп жиберишкен жок, “шайлоону таза өткөрүп бер” деп жиберишти. Президенттин “шайлоону таза өткөрүп бер” деген түз буйругу бар. Мен ошону аткарам, — дейт ал.

Ошондой эле калаа башчысы кол астындагы муниципалдык кызматкерлерге жана МАБдардын жетекчилерине «шайлоого кийлигишпөө тууралуу эскертүү берип жатканын» белгиледи. Ал муну аткарбагандарга «чара көрүлөт» дейт.

«Мага деле маалыматтар жетип атат, чара көрөбүз жакында. Эми эле анча-мынча 50-100 кишини чогултуп алып “карыялар күнү, мугалимдер күнү” деген шылтоо менен чай бергендер тууралуу маалымат бар. Аны ким уюштуруп, ким кылып жатканын да билем. Азыр булар боюнча да чара көрүлөт», — деп ишендирди Мамбетов.

Мамбетов кызматкерлерине мындай эскертүүнү октябрь айынын башында да берген. Ал буга чейинки «баш аламандыктар, чыр-чатактар жана төңкөрүштөр шайлоодон улам келип чыкканын» айтып, «бул системаны бузуу керектигин» белгилеген.

Шайлоодон кийин кызматынан алынган мурдагы мэр

11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөңдөн кийин Ош шаарынан алты партия шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын айтып митинг өткөргөн. Алар шайлоонун «ыплас» өткөнүнө, буга тиешелүү органдар чара көрбөгөнүнө нараазы болушкан.

Ошондой эле алар айрыкча «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы «админресурс колдонгонуна, добуш сатып алганына жана мыйзамсыз иштерге барганына» даттанышкан. Аталган партиянын дээрлик жарымын мамлекеттик кызматкерлер түзгөн.

Бир айдан соң БШК шайлоонун жыйынтыгын «массалык мыйзам бузууларга» байланыштуу жокко чыгарып, кайра шайлоону 11-июлга дайындаган.

Шайлоо алдында президент Садыр Жапаров Оштун ошол кездеги мэри Таалайбек Сарыбашов менен жолугуп, админресурска жол бербөөнү тапшырган.

Өлкө башчы 11-апрелде өткөн шайлоодо айрым жергиликтүү жетекчилер «өткөн окуялардан сабак албай, мыйзам бузууларга жол бергендигине байланыштуу» Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылганын белгилеген.

Шайлоо өнөктүгүнүн алдында шайлоого катышкан бир нече партия административдик ресурстун колдонулуп жатканына даттанышкан. Ошондой эле мэр Таалайбек Сарыбашовдун да аты аталган.

11-июлдан кийин да беш партия АШКга шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арыз берген. Алар шайлоодо добуш сатып алууга шектелип кармалган анык кандидаттар болгонун, Сарыбашов президенттин тапшырмасын аткара албаганын белгилешкен.

Ал эми 2-августта Сарыбашов башка кызматка которулат деген жүйөө менен кызматтан кеткен. Ошол эле күнү ал Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, бирок он күндөн кийин өз арызы менен кызматын тапшырган — экс-мэр парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

«Жазалоо катуу болот». Оштун мэри кызматкерлерине шайлоого аралашпоону эскертти