Жапаров депутаттарды камсыздоо чыгымдарын кыскартып, алардын маянасын азайтты

Президенттин администрациясы Садыр Жапаров бюджеттин маморгандар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын камсыздоого кеткен чыгымдарын оптималдаштыруу тууралуу жарлыгына кол койгонун маалымдады.

Жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын камсыздоо чыгымдары, андан тышкары алардын маяналары азайтылат.

«Маселен, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Бул жарлык менен компенсациялар жана кызматтык унаалар алынып салынды, ал эми кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарынын арасында бөлүштүрүлөт», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Алсак төмөнкүлөрдүн маянасы азайтылат:

  • Жогорку Кеңештин төрагасынын айлыгы —30 миң сом;
  • Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын маянасы — 27 миң сом;
  • Фракция лидерлери жана комитет төрагаларынын маянасы — 26 миң сом;
  • Катардагы депутаттар — 25 миң сомдон алмай болушту.

Жарлыкты бардык мамлекеттик органдар аткарууга милдеттүү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жарлыкка мамлекеттик аппаратты кармоо үчүн кеткен чыгымдарды «кескин үнөмдөө механизми» негиз болуп берген.

«Механизм ар кыл өлкөлөрдө татаал экономикалык реформаларды өткөрүү мезгилинде ар дайым ийгилик менен колдонулуп келген. “Чамаңа чактап иш кыл” урааны алдында Балтия, Чыгыш жана Борбордук Европанын өлкөлөрүндө (Эстония, Латвия, Польша, Чехия, Венгрия) мамлекеттик башкаруу реформалары ийгиликтүү өткөн», — деп билдирет администрация.